Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 623
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергетика секторуна өзүн актоочулук принцибин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главада:
алтынчы абзацтагы ", бюджеттик" деген сөз алып салынсын;
жетинчи, сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
Бюджеттик керектөөчүлөр үчүн тарифтер";
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.";
он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өнөр жай жана башка керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.
2024-жылдын 1-январынан тартып бюджеттик керектөөчүлөр үчүн ысык сууга тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.";
- орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркемеде:
"Жылытуу максатындагы жылуулук энергиясына тарифтер" бөлүмүнүн 2-4-пункттарындагы "(**)" деген белгилер алып салынсын, "тариф + инфляция" деген сөздөр "наркынын деңгээлинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Ысык сууга тарифтер" бөлүмүндө:
3-пункттагы "(**)" деген белгилер алып салынсын, "тариф + инфляция" деген сөздөр "наркынын деңгээлинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-6-пункттардагы "тариф + инфляция" деген сөздөр "наркынын деңгээлинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. (*) Жылуулук энергиясына жана ысык сууга жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер бардык жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн (жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган жериндеги жеке жылытуучу отканаларды кошпогондо) "Калк" тобундагы керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдө колдонулат.";
- орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-тиркемеде:
10, 11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Жылуулук энергиясын эсептөөдө "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр", "Башка керектөөчүлөр" сыяктуу тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн ОМТСтин "Жылытуу максатында жылуулук энергиясына тарифтер" бөлүмүнүн 1-тиркемесинин 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.
11. Ысык суу менен камсыздоону эсептөөдө "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр", "Башка керектөөчүлөр" сыяктуу тиричиликтик эмес акыркы керектөөчүлөр үчүн ОМТСтин "Ысык сууга тарифтер" бөлүмүнүн 1-тиркемесинин 3, 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн өлчөмдөрдөгү тарифтер колдонулат.";
22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. "Өнөр жай", "Бюджеттик керектөөчүлөр" жана "Башка керектөөчүлөр" керектөөчүлөрдүн тиричиликтик эмес топторуна берилген жылуулук энергиясына тарифтер ар бир өзүнчө учурда жекече аныкталат жана бардык жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын ар бир отканасынын жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, өткөрүп берүүгө, бөлүштүрүүгө жана берүүгө кеткен бардык чыгымдарынын көлөмүнө көз каранды.";
23, 24-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |