Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду (мындан ары - Өнүктүрүү фонду) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин (мындан ары - Департамент) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
2. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүү тартиби
2. Өнүктүрүү фондунун каражаттары республикалык бюджеттен Департаменттин эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каржылоонун эсебинен түзүлөт.
Өнүктүрүү фондуна каражаттарды эсепке киргизүү үчүн Департамент тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында бюджеттик каражаттар боюнча учурдагы эсеп ачылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби
3. Өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүдөй пайдаланылат:
1) Департаменттин кызматкерлерин материалдык-тиричиликтик камсыз кылууга жана социалдык коргоого байланышкан чыгымдарды каржылоого 90 пайыз өлчөмүндө, анын ичинде:
- кызматтык милдеттерин аткарууда майып болгон кызматкерлерге же курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку жөлөкпул төлөөгө;
- Департаменттин тиешелүү буйруктарынын негизинде кызматкерлерди, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөөчү персоналды сыйлоого;
- дарылануу жана башка максаттар үчүн бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө, иш берүүчү менен Департаменттин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттенмелерди аткарууга;
- кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга тамактануу жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммаларды төлөөгө;
- социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, расмий жолугушууларды, семинарларды жана конференцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдарга;
- Департаменттин кызматкерлерине, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга отунга жана айыл чарба азыктарын даярдоо мезгилинде аларды сатып алууга Департаменттин жетекчилиги аныктаган өлчөмдө бир жолку материалдык жардам бөлүп берүүгө;
- Департаменттин кызматкерлерине, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга жылытуу мезгилинде көмүр сатып алууга Департаменттин жетекчилиги аныктаган өлчөмдө бир жолку материалдык жардам бөлүп берүүгө;
– консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар көрсөтүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин ишине акы төлөөгө;
– компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди, комплекттөөчүлөрдү сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
– стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
– натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн Департаменттин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) 10 пайыз өлчөмүндө - банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондун толуктоого.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эсепке алуу тартиби жана отчеттуулук
4. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын чыгымдоо чыгымдардын бекитилген сметаларына жана ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
5. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын тескөөчү жана пайдаланууга жооптуу адам болуп Департаменттин директору эсептелет. Департаменттин директору жок болгон учурда анын милдеттери директордун орун басарына жүктөлөт.
6. Өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүүнү (түшүүнү), бөлүштүрүүнү эсепке алуу, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык багыттарга ылайык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоо жана аталган каражаттар боюнча отчетторду Өнүктүрүү фондунун тескөөчүсүнө берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.