Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы № 99 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2005-жылдын 2-февралы N 12
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 1, 10-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын алтынчы абзацындагы ", райондордо жана областтарда" деген сөздөр алып салынсын.
2. 17-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
3. 18-статьяда:
экинчи абзацтагы "областтык," деген сөз алып салынсын;
үчүнчү абзацтагы ", райондук" деген сөз алып салынсын.
4. 19-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:
- айылдык кеңештер;
- шаарчалык кеңештер;
- шаардык кеңештер (райондук жана областтык маанидеги шаарлардын).".
5. 20-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Областтык, райондук," деген сөздөр алып салынсын.
6. 21-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "чакырылат. Областтык кеңештин биринчи сессиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлангандан кийин кеминде үч жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен, калган кеңештердики - " деген сөздөр алып салынсын.
7. 22-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "райондо,", "райондук," жана "жогору турган административдик-аймактык деңгээлдеги" деген сөздөр алып салынсын.
8. 23-статьянын экинчи бөлүгүнүн онунчу абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына," деген сөздөр алып салынсын.
9. 27-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "областтык," жана "райондук жана" деген сөздөр алып салынсын.
10. 29-статьянын экинчи бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "райондук кеңеш тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
11. 31-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч кат менен кайрылат.".
12. 62-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "тиешелүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жана" деген сөздөр алып салынсын;
алтынчы бөлүк алып салынсын.
13. 69-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "областтык жана Бишкек шаардык кеңештердин төрагалары" деген сөздөр "Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы" деген сөздөр менен алмашылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
2004-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу
жыйыны тарабынан кабыл алынган