Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-февралы ПБ № 28
Автомобилдерги мамлекеттик номердик белгилерди ыйгаруу жана берүүнүн тартибин өркөндөтүү максатында:
1.«00 KG», «000 KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилердин үлгүлөрү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.«00 KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилерин Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын борбордук органдарынын жетекчилерин тейлеген кызматтык автомашиналарга бөлүштүрүүнүн тартиби № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.«000 KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилерин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин тейлеген кызматтык автомашиналарга бөлүштүрүүнүн тартиби № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-мартындагы № 74 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5.Эски үлгүдөгү «00 KG», «000 KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилер 2009-жылдын 15-мартынан баштап жараксыз деп табылсын.
6.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бир айлык мөөнөттө эски үлгүдөгү «00 KG», «000 KG» сериясындагы мамлекеттик номердик белгилерди алып салсын.
7.Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |