Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 7-февралы № 21
Кыргыз Республикасынын 2003-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы тууралу отчетту бекитүү жөнүндө
2004-жылдын 27-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан кабыл алынган |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан каралган эмес |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1993-жылдагы редакциясынын 59-статьясынын 4-пунктуна ылайык кабыл алынган |
1-статья
Кыргыз Республикасынын 2003-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 13692986,8 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 14396147,6 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 703160,8 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-статья
Бул мыйзам кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |