Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-февралы № 36
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2004-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
Ушул Мыйзам айылдарда, шаарларда түзүлүүчү жамааттарды жана алардын бирикмелерин түзүүнүн жана иштешинин тартибин, принциптерин аныктайт, ошондой эле алардын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы социалдык мобилизациялоону ишке ашыруу үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди түзүүгө, жамааттарга жана алардын бирикмелерине өз алдынча башкарууга мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө багытталган.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
жамаат - жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчилигин өз мойнуна алып чечүү үчүн бир көчөнүн, кварталдын же башка аймактык түзүлүштөгү айылдын же шаардын аймагында жашап жаткан үй чарбаларынын таламдарын көздөгөн жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн ыктыярдуу бирикмесин билдирген жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун формасы;
жамааттардын бирикмелери - өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана жалпы милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүү максатында ассоциациялар (бирликтер) формасында жамааттар тарабынан түзүлүүчү ыктыярдуу түзүлүш;
жамааттын төрагасы - жамааттын уставына ылайык анын мүчөлөрү тарабынан шайланган адам;
жамааттын уставы - жамааттын ишин жөнгө салуучу, анын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан, жалпы чогулушу менен кабыл алынган жамааттын негизги укуктук документи;
жамааттын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу - жамаатты башкаруунун жогорку органы;
жамааттын менчиги - жамаатка тиешелүү болгон, жамааттын пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү, жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн киреше алуусунун жана социалдык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруусунун булагы болуп кызмат кылган жамааттын менчиги (акчалай жана натуралай жагынан алгандагы);
социалдык мобилизациялоо - өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана руханий таламдарын канааттандыруу, бири-бирине өз ара жардамдашуу, жакырчылыктан чыгуу, өзүндө болгон жана дагы башка ресурстарды пайдалануу менен өзүнүн өнүгүшүн илгерилетүү жана алардын жашоо турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизүүчү чечимдерди кабыл алуу процессине калкты активдүү катыштыруу максатында өзүнүн ар түрдүү менчик уюмдарына жергиликтүү тургундардын биригүү процесси;
үй чарбачылыгы - турак жай бирдигинде чогуу жашап турган, өздөрүнүн каражаттарын толугу менен же жарым-жартылай бириктирип, чарбаны чогуу жүргүзүү аркылуу өздөрүн жашоо тиричиликке зарыл болгон нерселер менен камсыз кылышкан эки же андан ашык адамдан турган топ.
Эскертүү: бул адамдар туугандык мамилелери же никеден келип чыгуучу мамилелер менен байланышы болушу мүмкүн, же туугандык жагынан байланышы болбошу да мүмкүн.
Үй чарбачылыгы турак жай бирдигинде жашаган, өзүн жашоо тиричиликке зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылган бир адамдан да турушу мүмкүн;
өнүгүүнүн жергиликтүү фонду - жамааттар тарабынан түзүлгөн жана жамааттар менен алардын бирикмелеринин, салымдарынын, уюмдардын жана эл аралык донорлордун, ыктыярдуу башталыштагы демөөрчүлөрдүн төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн коомдук фонд.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Жамааттын иштеринин максаттары
Жамааттын иштеринин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги иштерди биргелешип жана жоопкерчиликти өз
мойнуна алып чечүү үчүн жамааттын мүчөлөрүндө бир коомдоштукка таандык
болуу сезимин өнүктүрүү;
- жамааттын жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн социал-
дык-экономикалык жана руханий муктаждыктарын канааттандыруу;
- жамааттын мүчөлөрүн жамаатты жана жергиликтүү коомдоштуктун ишин
башкарууга катышууга тартуу;
- жамааттын мүчөлөрүнө өз ара жардам көрсөтүү;
- социалдык мобилизациялоо боюнча калктын активдүүлүгүн жогорула-
туу.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Жамаатты түзүүнүн жана иштешинин принциптери
Жамааттын иши төмөндөгү принциптерде жүзөгө ашырылат:
- мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
- ыктыярдуу мүчөлүк;
- демократия, айкындуулук, ачыктык жана коомдук пикирди эсепке
алуу;
- социалдык-коомдук, экологиялык, турак-жай жана жамааттын
мүчөлөрүнүн таламдарын козгой турган дагы башка маселелерди чечүүдөгү
коллегиалдуулук, эркин талкуулоо;
- экономикалык жана чарбалык өзалдынчалыктын негизиндеги өзүн өзү
аныктоо, өзүн өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;
- үй чарбачылыгындагы бирдей өкүлчүлүктү камсыз кылуу;
- жамааттын мүчөлөрүнүн таламдарынын жалпылыгы;
- жашаган жери боюнча аймакташтык.
4-статья. Жамааттын көз карандысыздыгы
1. Жамаат өз ишин ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана жамааттын уставы менен белгиленген компетенциясынын чектеринде өз алдынча уюштурат жана жүэөгө ашырат.
2. Жамаат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ага тете эле алар да, тараптар өздөрүнө ушундай милдеттенмелерди ыктыярдуу түрдө кабыл алган учурларды кошпогондо, жамааттардын жана алардын бирикмелеринин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Жамааттын укуктук статусу
1. Жамааттын иштерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын , жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдын, ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле жамааттын уставынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Жамаат коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана юридикалык жакты түзүү менен же түзбөстөн түзүлүшү мүмкүн.
Жамаат тиешелүү аймактын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын алмаштырууга укуксуз.
3. Жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып юридикалык жак статусун алат.
Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоодон өтөт.
4. Жамаат ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген, жамааттын уставына ылайык ага таандык болгон финансы каражаттарына, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
5. Жамаат мүлктү сатып алууга, жамааттын менчигинде болгон мүлктү ижарага берүүгө, пайдаланууга, кайра берүүгө, күрөөлүккө коюуга, сатып өткөрүүгө, консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, жамааттын иштери менен байланышкан окуу семинарларын жана практикалык сабактарды уюштурууга жана өткөрүүтө, ошондой эле өзүнүн максаттарын жана милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II бөлүм
Жамаатты түзүү, мүчөлүк жана анын иштеши
6-статья. Жамааттын уюмдаштыруучулары
1. 10дон кем эмес үй чарбачылыгынын өкүлдөрү жамааттын уюмдаштыру-
учулары болуп саналышат, алар ыктыярдуу негизде биригишет.
2. Жамааттын уюмдаштыруучулары жалпы чогулушта:
- жамааттын иштерин жөнгө салуучу уставды кабыл алат;
- жамааттын төрагасын шайлайт,
7-статья. Жамааттын уставы
1. Устав жамааттын негизги уюштуруучулук-укуктук документи болуп саналат.
2. Жамааттын уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- жамааттын толук жана кыскартылган аталышын;
- жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары менен милдеттери жөнүндөгү жобону;
- жамааттын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана андан чыгуу (чыгаруу) шарттарын жана тартибин;
- жамаатка кирүүнүн жана мүчөлүк акынын белгиленген эң аз өлчөмүн жана аларды төгүүнүн тартибин жана шарттарын;
- жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери жөнүндө жобону;
- жамааттын башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун тартибин;
- жамааттын иштеринин регламентин;
- жамааттын төрагасын шайлоонун жана бошотуунун тартибин;
- жамааттын каражаттарын түзүү жана аларды пайдалануу тартибин;
- жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартибин;
- жамааттын ишинин эсебинин, аудитинин тартибин;
- жаматтын ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттарын:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жамааттын иштеринин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболорду.
3. Жамааттын жетекчилиги жамааттын ар бир мүчөсүнө жамааттын уставына киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө алар кабыл алынганга чейин бир ай мурда билдирүүгө милдеттүү.
4. Жамааттын уставы жалпы чогулушта жыйналышка катышкан уюмдаштыруучулардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Жамааттын аталышы
1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жамаат өзүнүн уставында жана башка уюмдаштыруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышты гана пайдалана алат.
2. Тиешелүү аймактагы мурда түзүлгөн жамааттын аталышы менен алардын жайгаштырылышы жагынан бирдей же окшош белгилердин аталышы катары пайдаланууга жол берилбейт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Жамааттын мүчөлөрү жана алардын укуктары
1. Жамааттын уставына ылайык, жергиликтүү коомдоштуктун тиешелүү аймагында туруктуу жашаган, мүчөлүк акыларды төлөгөн, жамаат менен өз ара таламдары боюнча байланышкан, бир үй чарбачылыгынын таламын билдирүүчү адам жамааттын мүчөсү боло алат.
2. Жамааттын уставына ылайык, жамаатка мүчө болуу жана андан чыгуу ыктыярдуу болуп саналат.
3. Жамааттын мүчөлөрү жамааттык менчикти бирдей пайдалана алышат.
4. Жамааттын мүчөсү уставдын жоболорун жана ченемдерин сактабагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн чыгарылышы мүмкүн.
5. Жамааттын мүчөсүн андан чыгаруу ага алдын ала 30 күн мурда кабарлангандан жана жамааттын жалпы чогулушунда чыгып сүйлөө укугу берилгенден кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Жамааттын мүчөсү аны чыгаруу жөнүндөгү жалпы чогулуштун чечимине макул болбогондо, чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Жамааттын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдоого алынышы
1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- жамаатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө зарыл болгон укуктук, уюштуруу шарттарын түзүүгө;
- жамаатты түзүү жана өнүктүрүү, анын өз алдынча башкаруу укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды, гранттарды жана микрокредиттерди тартууга көмөк көрсөтүшөт.
2. Жамааттын таламдарын козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттык уюмдар менен консультацияларды өткөрөт.
3. Жамааттын алардын таламдарын козгоочу маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилүүчү расмий кайрылуулары Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Жамааттардын иш-милдеттери
Жамааттар:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз мүчөлөрүнүн таламдарын билдиришет;
- жамааттардын иштерине тиешелүү маселелер талкууланганда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине кеңеш берүү укугу менен катышат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жамааттардын иштеринин маселелери боюнча чечимдерин аткарууга көмөктөшөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды пландаштыруу, абат кылуу, социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык объектилерди куруу маселелери боюнча ишине катышат.
- жамааттардын уставынын максаттарына жана милдеттерине ылайык дагы башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Жамааттын укуктары жана жоопкерчилиги
1. Жамаат төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
- тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак аракеттенүүгө;
- өз аймактарын абат кылуу боюнча иштерди аткарууга, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди курууга жана ремонттоого каралган өздөрүнүн финансы ресурстарын жана башка булактарды пайдалануу менен курууга тапшырыкчы катары чыгууга;
- жамааттын менчигинде турган имараттарды, курулмаларды, турак жайлык эмес жайларды ижарага берүүгө;
- жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
2. Жамаат өзү кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
Финансы каражаттарын тартуу жана пайдалануу жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, жамаат жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз ишмердиги жөнүндө жазуу жүзүндө маалымат берет.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Жамааттын жалпы чогулушу
1. Жамааттын жогорку органы анын жалпы чогулушу болуп саналат.
Жалпы чогулушту өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жаматтын уставын-
да аныкталат.
2. Жањыдан уюшулган жамааттын биринчи жалпы чогулушун жамаат түзүү
боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн бири ачат.
3. Жамааттын биринчи чогулушунун күн тартибине төраганы шайлоо,
жамааттын уставын иштеп чыгуу жана кабыл алуу жана жамааттын ишин жөнгө
салуучу дагы башка маселелер киргизилет.
4. Жалпы чогулушта чечим чогулушка жамааттын мүчөлөрүнүн кеминде
үчтөн экиси катышканда жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
14-статья. Жамааттын жалпы чогулушунун компетенциялары
Жалпы чогулуштун компетенциясына төмөндөгүдөй маселелер кирет:
- жамааттын уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
- жамааттын иштеринин артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайда-
лануу тартибин аныктоо;
- жамааттын мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде уставда баш-
кача белгиленбесе);
- жамааттын төрагасын шайлоо жана аны ээлеген кызматынан четтетүү;
- жамааттын иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бе-
китүү;
- жамааттын башка юридикалык жактардын иштерине катышуу маселеле-
ри;
- жамаатты өзгөртүп кайра түзүү жана жоюу;
- зайым жана кредит алуу;
- жамааттын уставында каралган дагы башка маселелер.
15-статья. Жамааттын төрагасы
1. Жамааттын төрагасы анын биринчи жалпы чогулушунда жамааттын мүчөлөрүнүн арасынан жалпы чогулушка катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн чечими боюнча ачык же жабык добуш берүү менен шайланат.
2. Жамааттын төрагасы уюштуруу документтерин белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдарда каттатат.
3. Жамааттын төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жамааттын уставында аныкталат.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
16-статья. Жамааттын менчиги
1. Жамааттын менчигине төмөндөгүлөр кирет:
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- өз каражаттары.
2. Жамааттын менчигин түзүү, пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө
тартиби жаматтын уставында аныкталат.
17-статья. Жамааттын финансы-экономикалык негизи жана менчиги
1. Жамааттын финансылык негизин кирүү жана мүчөлүк акылар, жамааттын менчигин пайдалануудан түшкөн каражаттар, демөөрчүлүк төгүмдөр, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарынын ыктыярдуу салымдары, гранттар, ошондой эле зайым, кредит жана дагы башка финансы ресурстары түзөт.
Кирүү жана мүчөлүк акылардын өлчөмү жамааттардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат.
2. Жамааттын экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курулган же сатып алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан ага өткөрүп берилген объекттер болуп саналат.
Жаматтын каражаттары ошол аймакта жашап жаткан калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу максаттары үчүн жаматтын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жамааттардын финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III бөлүм
Жамааттардын бирикмелери
18-статья. Жамааттардын ассоциациялары (бирликтери)
1. Жамааттар иштерин координациялоо, таламдарын коргоо жана билдирүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана дагы башка милдеттер менен көйгөйлөрдү чечүү максатында ыктыярдуу түрдө ассоциацияларга (бирликтерге) бириге алышат.
Жамааттардын ассоциациясы (бирлик) коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
2. Ассоциация (бирлик) юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат.
Ассоциациянын (бирликтин) мүчөлөрү өз алдынчалуулугун жана юридикалык жактын укуктарын сактап калышат.
3. Ассоциация (бирлик) өз мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ассоциациянын (бирликтин) мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ассоциациянын уюмдаштыруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте субсидиялык жоопкерчилик тартышат.
4. Жамааттардын ассоциациясын (бирлигин) түзүүнүн жана иштешинин, ага мүчөлүктүн жана андан чыгуунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган анын уставы менен жөнгө салынат.
5. Жамааттардын ассоциациясы (бирлиги) эл аралык донордук уюмдардын, банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин каражаттарын, бюджеттик каражаттарды, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү менен кайрымдуулуктарын пайдалана алат.
6. Жамааттардын ассоциациясына (бирлигине) жамааттын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн макулдугу менен жамааттардын уставдарына ылайык алардын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча алардын ыйгарым укуктары өткөрүп берилиши мүмкүн.
7. Ассоциациянын (бирликтин) уставында төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- ассоциациянын (бирликтин) толук жана кыскартылган аталышы;
- ассоциациянын (бирликтин) мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жоболор;
- ассоциацияга (бирликке) мүчөлөрдү кабыл алуунун жана андан чыгаруунун тартиби жана шарттары;
- ассоциацияга (бирликке) кирүүнүн жана мүчөлүк акынын эң аз өлчөмүн белгилөө, аларды төгүүнүн тартиби жана шарттары;
- ассоциациянын (бирликтин) төрагасынын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери жөнүндө жобо;
- ассоциациянын (бирликтин) башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуунун тартиби;
- ассоциациянын (бирликтин) иштешинин регламенти;
- ассоциациянын (бирликтин) төрагасын шайлоонун жана бошотуунун тартиби;
- ассоциациянын (бирликтин) каражатын топтоо жана аларды пайдалануунун тартиби;
- ассоциациянын (бирликтин) уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби;
- ассоциациянын (бирликтин) ишинин аудитин, эсебин алуунун тартиби;
- ассоциациянын (бирликтин) ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ассоциациянын (бирликтин) өзгөчөлүктөрүнө байланышкан башка жоболор.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүү жана анын иштеши
1. Социалдык-экономикалык милдеттерди чечүү, жергиликтүү коомдош-
тук мүчөлөрүнүн жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн бириккен жамааттар ыкты-
ярдуу негизде коммерциялык эмес уюмду - юридикалык жак болуп саналган
жергиликтүү өнүгүү фондун уюштурат.
2. Жергиликтүү өнүгүү фондун түзүүнүн жана жоюунун тартиби, анын
каражатырын түзүү жана аларды берүү шарттары жергиликтүү өнүгүү фонду-
нун уставы менен жөнгө салынат, ал юстиция органдарында катталат.
3. Уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда жергиликтүү өнүгүү фонду-
нун уставына ылайык Фонддун башкармалыгы шайланат.
4. Жергиликтүү өнүгүү фондуна салымдар катарында жамааттардын ык-
тыярдуу төгүмдөрү, жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык донорлор-
дун, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын демөөрчүлүк каражаттары пайда-
ланылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү өнүгүү фондунан каражаттарды берүү белгиленген ке-
зектүүлүк тартибинде, ачыктыктын жана айкындуулуктун шарттарында жерги-
ликтүү өнүгүү фондунун башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт.
6. Уставда белгиленген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурлардан тышкары жергиликтүү өнүгүү фондунун иштерине анын
юридикалык статусун, ишинин максатын жана мүнөзүн өзгөртүүтө алып
келүүчү кандай гана болбосун тышкы кийлигишүүгө жол берилбейт.
IV бөлүм
Корутунду жоболор
20-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев