Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 25-февралы № 39
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-cт.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 224-статьяда:
статьянын аталышы "белгиленген тартипте катталбаган" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кошумча буюмдар коюлган (аудиокөрмө каражаттардын башка) же күңүрттөтүүчү жапкычтар чапталган" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Транспорт каражаттарынын маңдайкы айнегинде, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган жана кошумча коюлган буюмдар (аудиокөрмө каражаттардан башка), ошондой эле арткы каптал эшиктеринде, арткы айнегинде жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоочулардын айдоосу -
бул буюмдарды (күңүрттөтүүчү пленкаларды, жапкычтарды ж.у.с.) милдеттүү түрдө алып салуу шарты менен бир жолку эң аз айлык акынын өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Бул ченем 2005-жылдын 1-июлунан тартып, тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган атайын автомашиналардан сырткары колдонулат.
2. 232-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Транспорт каражаттарынын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, озуп кетүүнүн, маневр жасоо эрежелерин бузушу жана 20 км/саатка чейинки кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши- ".
3. 584-статьянын биринчи бөлүгү "жер боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнмөсү боюнча ал адамдын жашаган жеринде" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Автомобилдердин айнектериндеги күңүрттөтүүчү жапкычтарды алып салуу автомашиналардын ээлеринин арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү органдары тарабынан 2005-жылдын 1-июлуна чейин акысыз жүзөгө ашырылат.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 27-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |