Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2009-жылдын 28-декабры ПБ № 328
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-, 47-беренелерине ылайык, облустук телерадиокомпаниялардын өлкөнүн жарандарынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон керектөөлөрүн андан ары канааттандыруу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, маалыматтык коопсуздукту жана вертикалды камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
- Ош облустук телерадиокомпаниясын түзсүн;
- Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустук телерадиокомпанияларына усулдук, консультациялык жана техникалык жардам көрсөтүү функцияларын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына калтыруу менен аталган телерадиокомпанияларды облустук мамлекеттик администрациялардын карамагына өткөрүп берсин;
- облустук телерадиокомпаниялардын жоболорун, алардын түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы менен макулдашуу боюнча алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды облустук мамлекеттик администрацияларга берсин;
- ушул буйруктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин.
2. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын басма сөз кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |