КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 5-марты № 43
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 384-статьянын аталшындагы жана биринчи бөлүгүндөгү "паспортсуз же" деген сөздөр алып салынсын;
2. 386-статьяда:
аталышындагы "паспортсуз же" деген сөздөр алып салынсын;
биринчи бөлүктөгү "паспортсуз же" жана "паспортсуз," деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2005-жылдын 20-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |