(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-ноябрындагы № 618-б
буйругунун редакциясына ылайык) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2002-жылдын 16-июлу № 378-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы № 608-б буйругунун, 2003-жылдын 28-октябрындагы № 665-б буйругунун, 2005-жылдын 18-октябрындагы № 448-б буйругунун редакциясына ылайык) 2002-жылдын апрель-майында жааган нөшөрлөгөн жамгырдан улам эларалык маанидеги Бишкек - Нарын - Торугарт автомобиль жолунун 115-кило-метриндеги жол боюнда узундугу 28 метр жарањка пайда болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жана "Автомо-биль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынаылайык: 1. 2006-жылдын 16-июлунан 31-декабрына чейин Бишкек - Нарын - То-ругарт автомобиль жолунун 103-километрден 117-километрге чейинки учас-тогунда транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө киргизилсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы №608-б буйругунун, 2003-жылдын 28-октябрындагы № 665-б буйругунун,2005-жылдын 18-октябрындагы N 448-б буйругунун редакциясына ылайык) 2. Оор салмактагы жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун кый-мылы Кемин - Шабдан - Кок-Ойрок автомобиль жолу боюнча Бишкек - Нарын -Торугарт автомобиль жолунун 103-километринен баштап 117-километринечейин көрсөтүлгөн автожолдун эки багытында жүргүзүлө тургандыгы белги-ленсин. 3. Кыргыз Республикасынын ИИМиннн МАИ башкармалыгына Бишкек - На-рын - Торугарт автомобиль жолунун 103 жана 117-километринде МАИнинубактылуу постторун орнотууга уруксат берилсин. МАИнин көрсөтүлгөн постторунун иштөө мезгили - 2006-жылдын 16-ию-лунан 31-декабрына чейин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-ноябрындагы N608-б буйругунун, 2003-жылдын 28-октябрындагы N 665-б буйругунун,2005-жылдын 18-октябрындагы N 448-б буйругунун редакциясына ылайык) 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги: - Бишкек - Нарын - Торугарт автомобиль жолунун 115-километриндегижер кыртышынын абалын изилдесин, аны жана жол кыртышын тиешелүү абалгакелтирүү боюнча долбоорлук чечим кабыл алсын; - Кемин - Шабдан - Көк-Ойрок автомобиль жолун жүргүнчүлөрдү ташуу-да коопсуздук талаптарына (жолго белгилерди жана тосмолорду орнотуу,жол чийиндерии белгилөө ж.б.) жооп берүүчү абалга келтирүү боюнча бирайлык мөөнөттө чаралардын комплексин ишке ашырсын. 5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын соода, өнөржай, курулуш комплекстерижана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Н.Танаев