Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 10-марты № 46
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралу
2004-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны
тарабынан каралган эмес
1996-жылдын 16-февралындагы № 1
"Кыргыз Республикасынын
Конституциясына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндөгү", 1998-жылдын
21-октябрындагы № 134 "Кыргыз
Республикасынын Конституциясына
өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү
жөнүндөгү", 2001-жылдын
24-декабрындагы № 112 "Кыргыз
Республикасынын
Конституциясынын 5-статьясына
өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндөгү" Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын
редакциясындагы Кыргыз
Республикасынын
Конституциясынын 59-статьясынын
4-пунктуна ылайык жактырылган
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
58-статьянын 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3. Уюштуруу документтерине ылайык банктын атынан чыгууга укуктуу
болгон Башкарманын Төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
берилген маалыматтын аныктыгы менен толуктугу жана отчеттуулук үчүн жо-
опкер болот.
Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттуулукта бухгалтердик
операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкер бо-
лот.".
2-статья.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2004-ж., № 3, 130-ст.)
2-статьясынын 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев