Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 20-январы ПБ № 16
Спорттун улуттук түрлөрүн мамлекеттик колдоо боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Жумагулов Султанбек Жумагулович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын жетекчиси - топтун жетекчиси;
|
Ташбаев Учкунбек Азизбекович | - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары;
|
Нишанов Абдуалим Тажибаевич | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Мусабеков Алмазбек Обосбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы;
|
Бардинова Нуржан Арзыкуловна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
|
Обозова Тамара Жумабековна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин тарыхый-маданий жана рухий мурастарды сактоо боюнча башкармасынын начальниги;
|
Кочкунов Айдарбек Сулайманкулович | - этнограф, "Маданият" Улуттук долбоорунун тобунун мүчөсү;
|
Мадяров Тимур Мысырович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын эксперти;
|
Жумакадыров Темир Курмангазиевич | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын эксперти;
|
Сагындыков Турат Арстанбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын эксперти;
|
Касымов Камчыбек Касымович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дене тарбия, спорт жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги.
|
2. Жумушчу топ 2010-жылдын 17-февралына чейин спорттун улуттук түрлөрүн мамлекеттик колдоо боюнча Улуттук программанын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик агенттиктердин жана администрациялык ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишине контролдук кылуу жана координациялоо милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |