Редакцияот 23.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2009-жылдын 23-декабры ПБ № 324

Үзүрлүү дипломатиялык иши, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын өнүктүрүүгө сиӊирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан энчилүү саат менен сыйлансын:

Артыкбаев Айбек Мухтарович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы

Бийбосунов Руслан Мелсович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин департаментинин директорунун орун басары

Кемелбаев Нургазы Кемелбаевич

- дипломатиялык кызматтын ардагери

Сушанло Фатима Мухамедовна

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы

Тилебалиев Айбек Алмасбекович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы

Шакиров Эрмат Ажакматович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин консулдук-укуктук бөлүмүнүн башчысы

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

 

К.Бакиев