Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 8-августундагы № 170 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 16-марты № 54
"Илимий техникалык маалымат тутуму жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү тууралу
2005-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Илимий техникалык маалымат тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 2, 99-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Биринчи бөлүктүн преамбуласындагы кыскартылган "ИТМ" деген сөз "Илимий техникалык маалымат (мындан ары - ИТМ)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер:
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер колдонулат: ИТМдин автору (тең автору) - интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы катары өзүнүн (өздөрүнүн) чыгармачыл эмгеги менен ИТМди жараткан жак (жактар);
илимий-техникалык маалыматтар базасы - анда болгон маалыматты автоматташтырып, кайтадан иштеп чыгууга мүмкүндүк берүүчү, машиналык алып жүрүүчүдө көрсөтүлүп белгиленген максат үчүн жетиштүү маалыматтардын топтому;
илимий-техникалык маалыматтар банкы - бир же бир нече илимий-техникалык маалыматтар базаларынан жана алардагы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана издөө тутумунан турган автоматташкан маалыматтык-издөө тутуму;
документтештирилген ИТМ - сактоону, топтоону, көчүрмөлөөнү издөөнү, таратууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу, аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү, реквизиттери бар материалдык алып жүрүүчүдө чагылдырылган ИТМ;
маалымат борбору - тармакта же региондо илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюм;
илимий-маалыматтык ишмердүүлүк - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, талдоо-синтетикалык иштеп чыгуу, белгилөө, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысы;
илимий-техникалык маалыматтар продукциясы - ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) маалыматка болгон муктаждыктарын камсыздоого арналган маалыматтык илимий-техникалык ишмердүүлүктүн материалдашкан жыйынтыгы;
илимий-техникалык маалымат (ИТМ) - илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, долбоорлоо-технологиялык, уюштуруу-башкаруу, өндүрүштүк-экономикалык, инновациялык жана коомдук ишмердүүлүк процессинде алынуучу маалыматтардын бардык түрлөрүн камтыган документтер жана фактылар тууралу маалыматтар;
ИТМдин объектисине болгон өзгөчө укуктардын ээси (мындан ары укук ээси) - мамлекет, илимий-техникалык маалымат тармагында укуктук мамилелердин субъектиси катары, документтештирилген ИТМге, анын ресурстарына жана түзүмүнө болгон менчик укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар;
ИТМ органдары - ушул тармакта илимий-маалыматтык ишмердүүлүктү жана илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдар же ишкананын же уюмдун түзүмдүк бөлүктөрү;
ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) - справкалык-маалымат фондуларга, илимий-техникалык маалыматтардын тутумдарына же ортомчуларга документтештирлген керектүү ИТМди алуу үчүн кайрылуучу ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;
ИТМ тармагындагы ортомчу - укук ээсинин тапшыруусу боюнча илимий-техникалык маалыматтык продукцияны таратуу, сатуу жана пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү боюнча ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;
ИТМди иштеп чыгуучу - ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, сактоо, таратуу жана аны пайдалануучуга (керектөөчүгө) берүү менен байланышкан иш-аракеттердин жыйындысын камсыз кылуу боюнча укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген ИТМ тармагындагы укуктук мамилелердин субъектиси;
ИТМдин ресурстары - документтештирилген ИТМи бар справкалык-маалымат фонд жана илимий-техникалык маалыматтар базасы;
ИТМ тутуму - ИТМнын ресурстарынын жана мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ИТМди түзүү, топтоо, тартиптештирүү, издөө жана берүү процесстерин жүзөгө ашыруучу уюштуруу-технологиялык каражаттардын ирээтке келтирилген жыйындысы;
справкалык-маалымат фондулары - кагаз, аудиовизуалдык, машина жана башка материалдык алып жүрүүчүлөрдө чагылдырылып, ИТМди пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) муктаждыктарына арналып, ирээтке келтирилген алгачкы документтердин жыйындысы (китептер, брошюралар, мезгилдүү басылмалар, патенттик документтер, ченемдик-техникалык документтер, өнөр жай каталогдору, конструктордук документтер, илимий-изилдөө. тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык жумуштар боюнча отчеттук илимий-техникалык документтер, депонирленген колжазмалар, илимий-техникалык адабияттар менен документтердин котормолору, жарыяланган жана жарыяланбаган дагы башка илимий-техникалык документтер).
3. 2-статьянын 2-пунктундагы "маалымат материалдарынын жана басыл малардын" деген сөздөр "илимий-техникалык маалыматтык продукциянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 3-статьянын 2-пункту экинчи абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзац менен толукталсын:
" - ИТМ тутумун түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди бюджеттик каржылоону жүзөгө ашырат;";
үчүнчү-бешинчи абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша төртүнчү-алтынчы абзацтар болуп эсептелсин.
5. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Илимий-техникалык маалыматка укук
Кыргыз Республикасынын бардык жеке жана юридикалык жактары менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ачык ИТМди, маалыматтык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу.".
6. 6-статьяда:
1-пунктундагы "айрым жарандардын же жамааттардын" деген сөздөр "бардык жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жеке жана юридикалык жактар тарабынан алардын өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн, болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жолдор менен ээ болгон ИТМ алардын менчиги болуп саналат.".
7. 7-статьяда:
2 жана 3-пункттар "менчик ээси" деген сөздөрдөн кийин "(укук ээси)" деген сөздөр менен толукталсын;
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. ИТМди пайдалануучу (керектөөчү) менчик ээсинин (укук ээсинин) укуктарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5. Авторлордун (тең авторлордун), укук ээлеринин, иштеп чыгуучулардын, ортомчулардын, пайдалануучулардын (керектөөчүлөрдүн) ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык алардын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча жүргүзүлөт.".
7-пункт "менчик ээси" деген сөздөрдөн кийин "(укук ээси)" деген сөздөр менен толукталсын;
8. 8-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ИТМдин улуттук тутумунун максаттары жана милдеттери";
1-пункттагы "жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын" деген сөздөр "жеке жана юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын:
9. 9-статьяда:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ИТМ тутумунун мамлекеттик бөлүмүн түзгөн ИТМдин адистештирилген мамлекеттик ишканаларынан, уюмдарынан жана мекемелеринен, илимий жана илимий-техникалык китепканалардан;".
2-пункттагы "атайын бөлүнгөн органдары" деген сөздөр "атайын бөлүнгөн орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. ИТМдин улуттук тутумундагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ИТМдин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзгөн жана жүзөгө ашырган, ИТМдин улуттук тутумун уюштурууну жана иштешин камсыздаган ыйгарым укуктуу органды дайындайт, ошондой эле ал төмөнкүлөрдү:
- илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын ИТМдин тутумун өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат;
- ИТМ чөйрөсүндө стандарттардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды сактоону коргойт;
- Кыргыз Республикасында ИТМдин бардык уюмдарынын жана мекемелеринин иш-аракетин координациялайт.".
11. 11-статьяда:
1-пункттун төртүнчү абзацындагы "илимий жана илимий-техникалык китепканалардын, коммерциялык борборлордун, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын" деген сөздөр "ишмердүүлүгү ИТМ менен байланышкан илимий мекемелердин, эл аралык уюмдардын, китепканалардын, коммерциялык борборлордун, уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-пункттагы "бардык мамлекеттик ресурстары тиешелүү органдар тарабынан" деген сөздөр "ресурстары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев