Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 9-апрели № 59 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу 2005-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 10, 462-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөркиргизилсин. 1. 13-статьяда: биринчи бөлүктөгү "ал туруктуу же убактылуу болгон жерлерде" дегенсөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде" деген сөздөр мененалмашылып, ", зарыл болгон учурда - атайын байланыш жана транспорттуктейлөөнү дагы кошуп," деген сөздөр алып салынсын; экинчи бөлүктөгү "үйбүлө мүчөлөрүнө" деген сөздөр "анын жубайына,багуусундагы жашы жетпеген балдарына" деген сөздөр менен алмашылсын; үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр алып салынсын. 2. 17-статья алып салынсын. 3. 18-статья 17-статья деп эсептелсин. 4. 19-статья 18-статья деп эсептелсин жана экинчи бөлүгү алып са-лынсын. 5. 20-статья алып салынсын. 6. IV глава алып салынсын. 7. V глава IV глава деп эсептелип, 30 жана 31-статьялар тие-шелүүлүгүнө жараша 19 жана 20-статьялар деп эсептелсин. 2-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу К.Бакиев