Бишкек шаары, Өкмөт үйү 2005-жылдын 8-июну № 219 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ Суроо-талаптарды түзүү, ошондой эле келүүчү чет өлкөлүкгуманитардык жардамдарды кабыл алуу, даректүү бөлүштүрүүжана контролдоо максатында: Кыргыз Республикасынын гуманитардык жардам боюнчакомиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн: социалдык маселелерди тейлөөчү Кыргыз Республикасынынвице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси,комиссиянын төрагасынын орун басары, комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактанкоргоо министри, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, Кыргыз Республикасынын билим берүү министри, Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдарминистри, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынынсоциалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттикбажы инспекциясынын директорунун орун басары, Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын боюнчаорун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынынбоюнча орун басары (социалдык маселелерди тейлөөчү), Бишкек шаарынын вице-мэри (социалдык маселелердитейлөөчү), Ош шаарынын вице-мэри (социалдык маселелерди тейлөөчү), Коомдук пикирди иликтөө жана болжолдоо боюнча борбордундиректору (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин көзкарандысыз ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча). Премьер-министр К.Бакиев