Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 20-апрелиндеги № 171-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2002-жылдын 3-октябры № 533-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 330 "Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарбага жана турак жай мамилелерине тиешелүү нормативдик актыларды тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин:
- турак жай-коммуналдык чарбага тиешелүү нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды;
- турак жайлык фондду жалпы үлүштүк менчикти жана турак үйлөрдү кондоминиумдарга өткөрүп берүүнү эске алуу менен инвентаризациялоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 10-майындагы № 334-II "Турак жайлык мамилелерди өзгөртүүнүн негиз түзүүчү принциптерин жана турак жайдын менчик ээлеринин укуктарын республикада турак жайлык-коммуналдык кризистин өсүшүнө алып келген одоно бузуулар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак-жай коммуналдык чарба жана турак жайлык мамилелер боюнча нормативдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-августундагы № 309-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри Т.Э.Өмүралиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Н.Танаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-октябрындагы № 533-б буйругуна тиркеме |
Өмуралиев Т.Э. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министри, комиссиянын төрагасы;
Турсунов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Зарипов А.З. - Кыргызжилкоммунсоюздун төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары;
Матеев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентствонун директору;
Узакбаев Э.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Жамакеев Т.Д. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Абдыкадыров Э. - Бишкек шаарынын вице-мэри;
Шаимбетов Д.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын соода, өнөр жай жана курулуш комплекстери жана коммуникациялар бөлүмүнүн курулуш жана коммуникациялар секторунун башчысы;
Сыдыков Б.К. - Кыргыз Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба жана турак жайлык мамилелер боюнча уюмдарынын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Жолдошев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Мамрегистринин Жерге жана козголбос мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкы башкармасынын начальниги;
Горбунов Г.И. - "Биздин үй" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Аппарат Жетекчисинин орунбасары М.Сатыбеков