Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2003-жылдын 21-январы № 21-б

 (КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 19-майындагы № 178-б буйругунун

редакциясына ылайык)

 

"Жеткинчек" балдар басылмасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жеткинчек" гезитинин редакциясынын уюштуруучусу болуп белгиленсин.

2. "Жеткинчек" гезитинин редакциясынын мекеме-уюштуруу-укуктук

формадагы Уставы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Жеткинчек" гезитинин редакциясын кайра каттоодон өткөрсүн.

4. "Жеткинчек" гезитинин редакциясынын кызматкерлеринин кызмат

орундарынын саны 14 бирдиктен жана эмгек акынын жылдык фонду 168 миң

сом өлчөмүндө белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджеттен "Жеткинчек" гезитинин редакциясын кармоого каражат карасын.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-майындагы № 178-б буйругунун редакциясына ылайык)

6. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

            Премьер-министр

Н.Танаев