Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июну № 69 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 6, 231-ст.)төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 3-статьяда: 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын; 4-пунктта "же лицензиялары" деген сөздөр алып салынсын. 2. 5-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "лицензия алуу" де-ген сөздөр алып салынсын. 3. 6-статьяда: 1-пункттагы ", айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик орга-нынын" жана "лицензия берген" деген сөздөр алып салынсын; 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "патент ээсинин сортту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө чечиминсот тартибинде талашууга;"; 3-пункттун экинчи абзацы алып салынсын. 4. 7-статьяда: 1-пункттагы "жана айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттикорганынын лицензиясын алган" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын. 5. 12-статьяда: 1-пункттун алтынчы абзацындагы "сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана са-тууга укук берген тиешелүү лицензиясыз, ошондой эле" деген сөздөр "ти-йиштүү" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 1-пункттун тогузунчу абзацындагы "сорттук үрөндөрдү өндүрүүгө жанасатып өткөрүүгө укук берген лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын. 6. 13-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев