Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-июнундагы № 72 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ Вич-инфекция/СПИДдин алдын алуу (2001-2002-жылдарга) боюнча финансылык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууна ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2004-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлганВич-инфекция/СПИДдин алдын алуу (2001-2002-жылдарга) боюнча финан-сылык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макул-дашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги атал-ган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жолжо-болорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Германия Феде-ративдүү Республикасынын Өкмөтүнө билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев