Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлу № 91 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 2005-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин: 32-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Пенсионер өлгөн учурда кайрылгандан кийин эки жуманын ичиндеанын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмдө көмүүжөлөкпулу төлөнөт. Бул жөлөкпулдун доосунун эскиргендиги Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык аныкталат.". 2-статья. Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев