Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлу № 92 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу 2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 61-статьянын бешинчи бөлүгүнө: "эки жумадан кечиктирбестен" деген сөздөр "кайрылгандан кийин экижуманын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Булжөлөкпул төлөө доосунун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет." 2-статья. Ушул Мыйзам 2005-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев