Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлу № 93 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья."Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүн-дө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү кир-гизилсин: 19-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-1-статья. Социалдык пособиелер Пенсиялык камсыздоого укугу жок улгайган жарандарга ай сайын бе-рилүүчү социалдык пособиелер алар пенсиялык куракка жеткенде жылдык ор-точо жыйынды кирешеге карабастан райондук коэффициенттерди эске алууменен керектөөлөрдүн эњ төмөнкү гарантияланган дењгээлинин 150 процен-тинин өлчөмүндө дайындалат.". 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев