Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-июлу N 97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясынын 19-абзацын чечмелөө тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья."Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 2-статьясынын 19-абзацын чечмелөө тууралу" Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомост-тору, 2002-ж, N 3, 121-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: 1-статья "күрөөнүн" деген сөздөн кийин ", лизингдин" деген сөз ме-нен толукталсын. 2-статья.Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев