Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-июлу № 100 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2004-жылдын 7-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасындагы ЭКККнын статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 2005-жылдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Бишкек шаарында 2004-жылдын 7-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасындагы ЭКККнын статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин (ЭККК) ортосундагы Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө киришине керек болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболоштурууну аткаргандыгы тууралу жазуу жүзүн-дөгү маалымдаманы Эл аралык Кызыл Крест Комитетине жөнөтсүн. 3-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев