Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-июлу № 101 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2004-жылы 26-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жакшы коњшулаштык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө Келишимди ратификациялоо жөнүндө 2005-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2004-жылы 26-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республи-касы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жакшы коњшулаштык жанаөнөктөштүк мамилелер жөнүндө Келишим ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдинратификациялангандыгы жөнүндө Тажикстан Республикасына билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев