Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-июлундагы № 102 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилсин: 1. Преамбуласы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининалдындагы каржы полициясынын» деген сөдөрдөн кийин «КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайынбайланыш кызматынын» деген сөздөр менен толукталсын. 2. 1-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөнтышкаркы кызматтагы аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын,жазык - аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржыполициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдыккамсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары -ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, ички иштероргандарында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында,финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарындаиштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсияалууга укуктуу». 3. 3-статьянын «д» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Транспортжана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын кенжежетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына» деген сөздөр алыпсалынсын. 4. Мыйзамдын бүткүл тексти «каржы поллциясынын» жана «КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин» деген сөздөрдөн кийин тийиштүүжөндөмөлөрдөгү «, атайын байланыш кызматынын» жана «, КыргызРеспубликасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин» дегенсөздөр менен толукталсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн чечимдерин ушулМыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев