Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-июлу № 104 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу 2005-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомостто-ру, 1996-ж., № 7, 106-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор кир-гизилсин: 1. 15-статьянын үчүнчү бөлүгүндө: "берилет" деген сөз "кошо берилет" деген сөз менен алмаштырылсын. "Юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө" деген сөздөрдөн кийин", юридикалык жак өзгөртүп кайра түзүлгөндө берилген документтердин жа-на кабыл алуу-өткөрүү документтери сакталган архивдеги орду жөнүндөмамлекеттик архивдин корутундусу" деген сөздөр менен толукталсын. 2. 17-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы аб-зац менен толукталсын: " - юридикалык жакты жоюу жөнүндөгү документтерди жана кабылалуу-өткөрүү документтеринин актылары сакталган архивдеги орду жөнүндөмамлекеттик архивдин корутундусу.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев