Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2005-жылдын 18-июлу №105 «Мугалимдин статусу жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына толуктоолор жанаөзгөртүү киргизүү тууралу 2005-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., №11, 683-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин: 1. 1-статьяда: статья төмөндүгүдөй мазмундагы биринчи бөлүм менен толукталсын: «Мугалим - зарыл кесиптик билимге жана тиешелүү квалификацига ээ, жалпы орто мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан, окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу киши.»; биринчи жана экинчи бөлүмдөр тийиштүүлүгүнө жараша экинчи жана үчүнчү бөлүмдөр болуп эсептелсин. 2. Экинчи статьянын биринчи абзацы «менчиктин түрүндөгү» деген сөздөн кийин», окутуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу» деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев