Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 18-июлу № 107
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 22-статьянын биринчи бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 371-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы жана аталышы "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 506-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Мамлекеттик өрткө каршы кызматы.".
4. 539-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:
- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы инспектору жана анын орун басарлары;
- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын, областтардын, шаарлардын жана райондордун мамлекеттик улук инспекторлору;
- өрт көзөмөлү боюнча шаарлардын, райондордун жана объекттердин мамлекеттик инспекторлору.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 31-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |