Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 18-июлу № 109
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
514-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана лицензиялоо башкы башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаментинин башкы директору;
- областтык бириккен ооруканалардын директорлору, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоо департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык дарыгери;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитария-эпидемиологиялык көзөмөлдүн башкы директору;
- областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери;
- шаарлардын жана областтардын карамагындагы райондордун башкы мамлекеттик санитардык дарыгерлери.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 30-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |