КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 5-марты ПБ № 81
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын духунда тарбиялоо максатында:
1-өзүнчө тоо-аткычтар батальонуна Президенттин Грамотасы менен өзгөчө ардак белгиси, аскердик ар-намыстын, каармандыктын жана даңктын символу катары Күжүрмөн Туу тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |