КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 25-июлу N 113 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2005-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 265-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жанатолуктоолор киргизилсин: 1. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-статья. Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтү йоддун жетишсиздигинен болуучу оору-лардын алдын алууга мамлекеттик контроль жагында: - максаттуу программаларды иштеп чыгат жана аларды каржылайт, йод-дун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууну камсыз кылуу жагын-да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтөт; - йоддоштурулган туздун сапатына, йоддун жетишсиздигинен болуучуоорулардын алдын алууга мамлекеттик жана жарандык контролду жүзөгө ашы-руу үчүн материалдык-техникалык камсыз кылууну уюштурат; - йоддоштурулган тузду өндүрүүнү өнүктүрүүгө инвестицияларды тар-тууну камсыз кылат; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын эпидемиясын жоюу үчүнматериалдык резервдер түзөт; - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алууга катышканмамлекеттик органдардын ишине контролдукту жүзөгө ашырат. Калктын йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулар менен ооругандыгы-нын абалына мамлекеттик контроль, ошондой эле йоддоштурулган тузду кол-донууда калктын ооруп калуу тобокелинин даражасына баа берүү КыргызРеспубликасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттикорганы тарабынан жүзөгө ашырылат. Тамак-аш тузун Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө мамле-кеттик контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашыры-шат.". 2. 5-статьяда: статьянын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоожагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-маштырылсын; биринчи бөлүктө: - биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-нистрлигинин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоожагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөр менен ал-маштырылсын; - бөлүктүн бешинчи абзацындагы "ишке ашыруу" деген сөздөрдөн кийин(;) тыныш белгиси коюлуп, "кирет" деген сөз алып салынсын жана абзацтөмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: " - йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардан жабыр тарткан адам-дарга өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардамкөрсөтүүнү камсыз кылуу кирет;"; - алтынчы абзац жетинчи абзац деп эсептелсин; экинчи бөлүк алып салынсын. 3. 9-статьяда: статья "кайра йоддоштуруу" деген сөздөрдөн кийин ", сактоо" дегенсөз менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен то-лукталсын: "Кыргыз Республикасынын аймагында сатып өткөрүү үчүн арналган ба-ардык йоддоштурулган туз милдеттүү санитардык-гигиеникалык экспертизагаалынууга тийиш. Туз продуктусунун сапаты жана сыноолордун протоколу жөнүндө экс-порттоочу өлкөнүн коштоочу документтерисиз тамак-аш зарылдыгы үчүн туз-ду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жол берилбейт. Алыныпкелинген туздун экспертизасынын натыйжаларын таануунун тартиби КыргызРеспубликасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". 4. 10-статья "аныкталышат" деген сөздөн кийин "улуттук стандарт-тар, технологиялык нускамалар, ыйгарым укук берилген" деген сөздөр ме-нен толукталсын. 5. 12-статьяда: биринчи бөлүк "өндүрүш" деген сөздөн кийин "жөнөтүүгө" деген сөзменен толукталсын; үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жарандагы ыйгарым укук-туу мамлекеттик органы белгилеген йоддоштурулган тузду сактоонунмөөнөтү аяктагандан кийин, жер-жерлерде (базарлардын, соода уюмдарынын,түйүндөрүнүн, дүкөнчөлөрүнүн менчик ээлери тарабынан) менчигинин түрүнөкарабастан тамак-аш тузун алып келүүнү, казып алууну, өндүрүүнү, сакто-ону жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардынөздөрүнүн каражаттарынын эсебинен туз өнөржайлык кайра иштетилүүгө жанайоддоштурулууга тийиш. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш тузун сатуу-га жол берилбейт. Йоддоштурулбаган тамак-аш тузун саткан жактар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.". 6. 16-статья "келбеген" деген сөздөн кийин "улуттук" деген сөз ме-нен толукталсын. 7. 17-статьянын биринчи бөлүгү "өндүрүүчүлөр" жана "жабыр тарткан-дарга" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша ", жөнөтүүчүлөр" жа-на "адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев