Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-марты ПБ № 87
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык жана институттук механизмдеринин жыйындысын иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Сыдыкова Лейла Чынтургановна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Конституциялык мыйзам, мамлекет түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитеттин төрайымы, жумушчу топтун жетекчиси;
Жолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Летова Ирина Витальевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Иминов Махамаджан Саитович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматынын укуктук экспертиза секторунун башчысы;
Сейитбекова Мендайым Калдыбаевна - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын башкы мамлекеттик инспектору;
Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттигинин директорунун орун басары;
Искаков Эркин Бакбурович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын кеңешчиси;
Мамединова Чынара Кудайбердиевна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармасынын начальнигинин орун басары;
Сергеева Наталья Дмитриевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоордук ишти координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары;
Ширинбаева Алия Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн эксперти;
Сулайманова Назгүл Назарбековна - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ 20-майга чейинки мөөнөттө "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |