КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели ПБ № 101
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:
1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоо 2010-жылдын 9-апрелине дайындалсын.
2. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын инспектору Салиев Нурлан Абдылдаевич дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кызыл-Кыя шаардык кеңеши менен бирдикте Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.
4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |