Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 5-августу № 121
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 238-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 239-статьянын экинчи абзацындагы "бештен жети өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 242-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына" деген сөздөрдөн мурда "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 508-статьяда:
"230" деген сан "230-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"241, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр "241-статьянын биринчи бөлүгүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 510-статьядагы "242-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 511-статьянын жетинчи абзацындагы "241-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр "241-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
| К.Бакиев |
|
|
|
2005-жылдын 28-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |