Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 123 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 1-статья. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасына тиркеме, № 1, август, 1992-ж.)төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүтүндөй тексти боюнча "Кыргызстан Республикасы" жана"Кыргызстан Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамкомитети" де-ген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республи-касы" жана "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары" дегенсөздөр менен алмаштырылсын. 2. 12-статьяда: жетинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасы-нын аймагынан сырткары, ошондой эле Кыргыз Республикасыыын Өкмөтү бе-киткен тизмеге ылайык климаттык шарттары оор жерлерге аскердик кызматөтөөгө жиберилген, 20 календардык жыл жана андан ашык иштеген офицердиккурамдын адамдары, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөтүнөн ашыкча кызматөтөгөн аскер кызматчылары жана аскер кызматындагы аялдар үчүн алар ээ-леген турак жай аянты (кызматтык турак жай аянтынан жана жабык же обо-чолонгон аскер шаарчаларында турган жайдан тышкары) алар чегарадан тыш-кары жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон бардык мезгилге брондолот".; онунчу жана он биринчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Турак жай-курулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече туракүй (квартира) курган (сатып алган) жана башка турак үйү "Турак жай-ку-рулуш (турак) кооперативдерине кирген же жекече турак үй (квартира)курган (сатып алган) жана башка турак үйү (квартирасы) жок аскер кыз-матчылары жењилдетилген шарттарда ипотекалык кредит алууга укуктуу. Аскер кызматчыларына кызмат өтөгөн жери боюнча турак жайга акытөлөө же жекече турак жай курууга, жеке турак үй (квартира) сатып алуу-га финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит боюнча карыздарынтөлөөдө он беш календардык жыл аралыгында кынтыксыз жана үзгүлтүксүзаскер кызматын өтөгөндөргө - 50 пайыз өлчөмүндө, жыйырма календардыкжыл же андан ашык иштегендерге - 100 пайыз өлчөмүндө бекер финансылыкжардам көрсөтүлөт.". 3. 13-статьянын жетинчи бөлүгү "үй-бүлөлүк абалы" деген сөздөрдөнкийин, "өз каалоосу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын. 4. 14-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Жакшы окуган офицер курамындагы адамдарга, прапорщиктерге, мич-мандарга, мөөнөтүнөн ашыкча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына жана жа-рандык окуу жайында алган адистиктерине, кесиптик профилине (аскердиккесибине) ылайык келген учурларда мамлекет аскердик кызматынөтөгөндөргө окуганы үчүн акы төлөө боюнча үзгүлтүксүз беш календардыкжылдын аралыгында - 25 пайыз, он жыл жана андан ашуун болсо - 50 пайызөлчөмүндө компенсациялоону камсыз кылат.". 5. 15-статьянын экинчи бөлүгү "өз өтүнүчү боюнча," деген сөздөрдөнкийин "кызматка дал келбегендиги боюнча" деген сөздөр менен толуктал-сын. 6. 21-статья төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толуктал-сын: "Аскер кызматчысын кызмат боюнча башка регионго которгондо жерги-ликтүү бийлик органдары аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча анынүй-бүлө мүчөлөрүнө адистиги боюнча ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт.". 2-статья. Ушул Мыйзам 2006-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев 2005-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган