Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 125 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу 1-статья. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-жылдын № 7, 371-ст.)төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 1. 1-статьяда: статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары жарактуу документтери-нин бири (паспорту же аны алмаштыруучу документи, күбөлүгү; мөөнөттүүкызматтагы аскер кызматчысынын белети; ички иштер органдары берген бел-гиленген үлгүдөгү маалымкат.) боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынавизасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жергебарууга жана анда болууга укуктуу болгон режим."; экинчи-он төртүнчү абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү-он бешин-чи абзацтар болуп эсептелсин; статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: "Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим - чет мамлекеттин жарандары КыргызРеспубликасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоо-дон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыр-гыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит мененөтүүге, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу бол-гон режим."; он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он бе-шинчи жана он алтынчы абзацтар болуп эсептелсин. 2. 5-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "улуттук коопсуздук министрли-ги" деген сөздөр "улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр менен алмаш-тырылсын. 3. I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын: "5-1-статья. Визасыз режим Кыргыз Республикасы достук, ынак коњшулаштык мамилелердиөнүктүрүү, экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий жана башкабайланыштарды бекемдөө максатында бир тараптуу тартипте же эл аралыккелишимдин негизинде чет мамлекеттерге карата визасыз режим киргизет. Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте киргизилгенвизасыз режим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган жана Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Рес-публикасынын тийиштүү Мыйзамынын негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасы тарабынан эл аралык келишимге ылайык киргизил-ген визасыз режим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан рати-фикацияланган бул эл аралык келишимдин негизинде ишке ашырылат.". 4. 6-статьяда: статья төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи бөлүктөр менентолукталсын: "Визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттин жараны жарактуу до-кументтеринин бири (паспорту же аны алмаштырган документи) боюнча Кыр-гыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит мененөтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга мүмкүндүкалат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасында болгонучурда, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөнашпаса (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандарыүчүн - 90 күн), чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулдашылгандан кийинКыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде ка-ралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимдипайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынынаймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде КыргызРеспубликасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, биржерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот.Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимден пайдаланган чет мамлекеттердин жаран-дары Кыргыз Республикасында болгон учурда, эгерде алардын Кыргыз Рес-публикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса, чет өлкөгө баруу паспорт-торун каттоодон бошотулат."; биринчи-алтынчы бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша үчүнчү-сегизинчибөлүктөр болуп эсептелсин. 5. 8-статьяда: экинчи бөлүктө: 4-пунктундагы "жарандарынын белгилүү бир категориялары" дегенсөздөр "жарандары" деген сөз менен алмаштырылсын; ошондой эле пункт"жана дагы башка факторлорду эске алып" деген сөздөрдөн кийин пункт"эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса,"деген сөздөр менен толукталсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5) визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттердин жарандары,эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса(Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн -90 күн)"; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менентолукталсын: "Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жана андан кеткенде ушулстатьянын экинчи бөлүгүнүн 4- же 5-пункттарында аныкталган адамдардынжарактуу документине (паспортуна же аны алмаштыруучу документке) буладамдын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн аныктоо жана статистика-лык эсебин алуу максатында, анын келген же кеткен күнү көрсөтүлгөнштамп акысыз негизде коюлат. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында анык-талган адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашса(Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн -90 күн), анда алар ушул Мыйзамга ылайык турган орду боюнча катталуугатийиш.". 6. 39-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Эгерде Кыргыз Республикасынынбашка ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эл аралыккелишимдеринде башкача каралбаган визасы болгондо" деген сөздөр алыпсалынсын жана андан кийинки "Түп" деген сөз баш тамга менен жазылсын. 7. 43-статьяда: биринчи бөлүктө: 1-пунктундагы "18" деген сан "16" деген сан менен жана " - жашаганжеринде ички иштер органдарына жана Тышкы иштер министрлигине жекеөтүнүчү боюнча." деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпыжарандык паспортун алганда." деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктундагы "18" деген сан "16" деген сан менен алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын; "3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жанаКыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө баруу баракчасы ачылбаганжалпы жарандык паспортуна ээ болгон жарандарга - ички иштер органдарынажеке өтүнүч каты менен жашаган орду боюнча."; үчүнчү бөлүк алып салынсын; алтынчы бөлүктөгү "паспорттун Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн"деген сөздөр "ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда аныкталганадамдардын паспортторунун чет өлкөгө баруу баракчасынын" деген сөздөрменен алмаштырылсын; тогузунчу бөлүктөгү "18" деген сан "16" деген сан менен алмашты-рылсын. 8. 45-статья алып салынсын. 9. 46-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "үчүн паспортун даярдоодон"деген сөздөр алып салынсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев 2005-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган