Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 18-февралы ПБ № 67
Дүйнөлүк банк тарабынан финансылануучу Мамлекеттик башкаруудагы структуралык өзгөрүүлөр үчүн кредитти (GSAC) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамга Кредитти (GTAC) натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 122 буйругунун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 6-сентябрындагы № 260 буйругу менен бекитилген дүйнөлүк банк тарабынан финансылануучу Мамлекеттик башкаруудагы структуралык өзгөрүүлөр үчүн кредитти (GSAC) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамга кредитти (GTAC) даярдоо жана турмушка ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө Жобого төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери" деген II бөлүмдүн экинчи абзацынын а) пунктундагы "байланыштуу" деген сөздөн кийин ", анын ичинде казначылыкты башкаруунун Маалыматтык системасын (мындан ары - КБМС) жана адам ресурстарын башкаруунун Маалыматтык системасын (мындан ары - АРБМС) иштеп чыгуу жана киргизүү маселелерин" деген сөздөр кошулсун;
- "Координациялык кеңештин укуктары жана милдеттери" деген III бөлүмдүн а) пунктундагы "байланыштуу" деген сөздөн кийин ", анын ичинде КБМС жана АРБМС иштеп чыгуу жана киргизүү маселелерин" деген сөздөр кошулсун;
- "Координациялык кеңештин ишин уюштуруу" деген IV бөлүм төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"IV. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
1. Координациялык кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - GSAC жана GTAC долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Аткаруучу агенттик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча уюштурат.
2. GSAC жана GTAC долбоорлорун натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, аларды аткарууга контролдук кылуу иш-чараларын уюштуруу жана камсыз кылуу максатында Координациялык кеңештин алдында долбоордук документтерде каралган тийиштүү техникалык комитеттер түзүлөт.
3. Техникалык комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Координациялык кеңештин жыйналыштарына маселелерди даярдоо процессине аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрүн тартууга;
б) долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу милдеттери менен байланышкан республикалык жана эл аралык конференцияларды, семинарларды, курстарды уюштурууга;
в) долбоорлорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү жана эл аралык консультациялык жана башка ресурстарды тартууга;
г) Координациялык кеңештин чечимдерин аткарууну уюштурууга жана контролдоого.
Техникалык комитеттердин курамы Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.";
- "Координациялык кеңештин иш-аракетинин тартиби" деген V бөлүмдө:
үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Координациялык кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок, кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Координациялык кеңештин жыйналыштарына анын төрагасы, ал жок болгон учурда - төраганын тапшырмасы боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн бири аткарат.";
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
бешинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмү" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 11-сентябрындагы № 206 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 31-майындагы № 200 буйругу.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 18-февралындагы № 67 буйругунун тиркемеси
|
| "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 122 буйругунун тиркемеси
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын жетекчиси - Координациялык кеңештин төрагасы.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин бюджеттик кызматынын эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
- GSAC/GTAC долбоорун жүзөгө ашыруу Тобунун менеджери, Координациялык кеңештин аткаруучу катчысы.".
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
КР Президентинин
2011-жылдын 8-августундагы ПБ № 114 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ