Редакцияот 06.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 6-августу № 128

 

                      КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

           Мерида шаарында (Мексика) 2003-жылдын 10-декабрында

            кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга

                каршы Конвенциясын ратификациялоо тууралу

 

     Статья 1.

 

     Мерида  шаарында (Мексика) 2003-жылдын 10 - декабрында кол коюлган

Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы Конвенция ратификациялансын.

 

     Статья 2.

 

     Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарийи болгон

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына ратификациялык грамотаны депо-

нирлесин.

 

     Статья 3.

 

     Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Конвенцияны жүзөгө

ашырууга жооптуу борбордук улуттук орган катары дайындалсын.

 

     Статья 4.

 

     Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин

     милдетин аткаруучу                                        К.Бакиев

 

 

2005-жылдын 29-июнунда                   Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кеңеши тарабынан кабыл алынган