Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 6-июнундагы ПБ № 28-рп
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 19-майындагы № 39 «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө» Декретин жетекчиликке алып:
1.Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны 300 бирдикке көбөйтүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн штаттык бирдиктерди Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берсин.
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын штаттык саны көбөйгөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн зарыл ассигнованиени караштырсын.
4.Бул тескеминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
|
Р.Отунбаева |