Загрузка документа…
КР Президентинин
2010-жылдын 9-сентябрындагы ПЖ N 171 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 36-рп тескемеси менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө
ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) улуттук коопсуздукту, туруктуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоочу, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарынын тышкы жана ички коркунучтардан корголушун камсыз кылууга багытталган маселелерди кароочу координациялоочу-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Коопсуздук кеңешинин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери жана улуттук коопсуздук жагындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
3. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо, коопсуздук объекттерине карата ички жана тышкы коркунучтарды ашкерелөө;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы ички жана тышкы саясат маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн тийиштүү сунуштамаларды кароо жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизүү;
- орчундуу социалдык-саясий, экономикалык, аскердик, экологиялык жана башка кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо боюнча тийиштүү сунуштамаларды кароо жана киргизүү;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу боюнча тийиштүү сунуштамаларды кароо жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизүү;
- улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы кабыл алынган чечимдери ишке ашыруу жүрүмүндө аткаруу бийлик органдарынын иштерин координациялоо жана алардын натыйжалуулугун баалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда иштеп жаткан органдарды реформалоо же болбосо жаңы органдарды түзүү жолу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды кароо жана киргизүү.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп саналат.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышышат.
5. Коопсуздук кеңешинин жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарынын күп тартибин жана маселелерди кароонун тартибин Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча анын төрагасы аныктайт. Коопсуздук кеңешинин жыйналышын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алпарат.
6. Коопсуздук кеңешинин чечимдери анын жыйналышында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан алардын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимдер тийешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. Маанилүү маселелер Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчилиги астында өтүүчү Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмелеринде талкууланат. Каралуучу маселенин мазмунуна жараша аны даярдоого жана Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына катышууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, консультанттары, эксперттери жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин чечимдери Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарынын протоколдору менен жол-жоболоштуралат. Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери, токтомдору, тескемелери чыгарылышы мүмкүн.
7. Коопсуздук кеңешин маалыматтык-аналитикалык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгына, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго жүктөлөт.
8. Коопсуздук кеңешинин Катчысы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Коопсуздук кеңешинин Катчысы Коопсуздук кеңешинин иштерин камсыз кылуучу Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектейт. Коопсуздук кеңешинин Катчысынын бир орун басары болот. Коопсуздук кеңешинин Катчысы Коопсуздук кеңешинин ишинин камсыз кылынышына жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жеке жоопкерчилик таратат. Коопсуздук кеңешинин Катчысы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын тапшыруусу боюнча чет мамлекеттердин ушундай органдары, анын ишине байланыштуу маселелер боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык, коомдук, диний жана башка уюмдар менен мамилелерде Коопсуздук кеңешинин атынан чыгат.
9. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы (мындан ары - катчылык) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө Жободо жана ушул Жободо белгиленген компетенциялардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Катчылык Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Катчылык жөнүндө жобо Коопсуздук кеңешинин Катчысынын сунушу боюнча Коопсуздук кеңешинин төрагасы тарабынан бекитилет. Катчылыктын кызматкерлери Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Катчылыгынын Жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.
10. Зарылдыгына жараша Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу үчүн убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссиялар, жумушчу топтор Коопсуздук кеңешинин же анын катчысынын тапшыруусу боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына карата материалдарды даярдоону жүзөгө ашырат, улуттук коопсуздук коркунучун баалоо боюнча талдоо жумуштарын аткарат, мамлекеттик, экономикалык, коомдук, маалыматтык, аскердик, экологиялык, энергетикалык, азык-түлүк жана коопсуздуктун башка түрлөрү жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат, өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө Коопсуздук кеңешине маалымат берет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
|
Р.Отунбаева |