Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 130 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2004-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Бишкек шаарында 2004-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кыз-матташуу жөнүндө
Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогорудакөрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекетичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгыжөнүндө Япониянын Өкмөтүнө билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев