КР 2002-жылдын 23-майындагы № 80
Мыйзамындагы чегинүү менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда достук жана кызматташтык тууралуу КЕЛИШИМ Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы, мындан ары ЖогоркуМакулдашып жаткан Тараптар деп аталуучу, эки өлкө менен эки элди байланыштырып турган достукту бекемдөөнүжана саясат, экономика жана маданият тармагында кызматташуунутерењдетүүнү каалап, эркиндиктин, демократиянын, плюрализмдин жана адам укуктарынурматтоонун жалпыга таанылган байлыктарынын негизинде өз карым-катнаштарын өнүктүрүүгө умтулуп, укукка, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө негизделген эл аралыктартипти бекемдөөгө жардам берүүгө ниеттенип, Евразия континентинде болуп жаткан терењ саясий жана экономикалыкөзгөрүүлөрдү көњүлгө алып, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнөн келип чыгуучумилдеттенмелерге өздөрүнүн умтулгандыгын ырасташып, Хельсинкидеги Корутунду Актынын, жањы Европа үчүн ПарижХартиясынын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюмдунбашка документтеринин принциптүү негизги маанисин таанышып жана ушугабайланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерди ырастап, жањы Европаны түзүүдө Европалык Союздун, НАТОнун, ЕККУнун жанабашка европалык структуралардын ролун моюнга алып, 1995-жылдын 9-февралында кол коюлган шериктик жана кызматташтыктууралуу Макулдашууга ылайык Европа Союзу менен Кыргызстандынтыгызыраак байланыштарын колдоо максатында, достук, кызматташтык карым-катнаштарын өнүктүрүүгө чечкиндүүболуп,төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты: 1-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эгемендүүлүк, тењ укуктуулукжана адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин сактоо принциптеринеьшайык ишенимдин, кызматташуунун жана өз ара урматтоонун негизинде өзкарым-катнаштарын өнүктүрүшөт. Ушул максатта Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар керек болгонучурда ушул Келишимдин жоболорун ишке ашыруу үчүн макулдашуулардытүзүшөт. 2-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар мамлекеттер аралык жаатта күчколдонуу жана күч менен коркутууну болтурбоо тынчтык жолу мененчечилүүгө тийиш болгон эл аралык чатактарды чечүү ыкмасы экендигинырасташат. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун ролунчыњдоо, БУУнун Уставынын жоболорунун күчүн ар тараптуу сактоону жанаколдонууну камсыз кылуу, жамааттык коопсуздукка жана ар бир БУУнунмүчө-мамлекетинин коопсуздугуна кепилдик берүү максатында биргелешипиштешет. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар пикир келишпестиктерди тынчтыкжолу менен чечүү жана чатактарды болтурбоо үчүн Европалык структуралартарабынан каралган механизмдерди түзүүгө жана натыйжалуу иштетүүгөжардамдашууга милдеттенишет. 3-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жалпы кызыкчылыкка ээ болгонкош тараптуу жана көп тараптуу маселелер боюнча консультациялардыөткөрүп турушат. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын Тышкы иштер министрликтериүзгүлтүксүз карым-катнаштарды колдошот. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өздөрү мүчолөрү болгон же болотурган эл аралык уюмдардын алкагында кызматташышат. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эки өлкөнүн парламенттерининортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт. 4-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Евразия континентиндекызматташууга жана туруктуулукту жана жетиштүү коргонууну камсыз кылууүчүн керектүү болгон эњ төмөнкү дењгээлдеги куралданууга негизделгенкоопсуздуктун жањы сапаттагы негиздерин түзүү максатында күч-аракеттерин бириктиришет. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Европадагы жана дүйнөжүзүндөгү коопсуздук үчүн куралсыздандыруу боюнча макулдашуулардынмаанилүү экендигин моюнга алып, куралсыздандыруу боюнча сүйлөшүүлөргөжигердүү көмөк көрсөтүшөт. Алар Европада жана Евразия континентиндекуралсыздандыруу жана ишеним менен коопсуздукту чыњдоо боюнча жањымакулдашууларды түзүүнү колдошот. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар тагыраак айтканда ядролуккуралдарды жайылтпоо тартибин бекемдөө жолу менен массалык жок кылуукуралдарын жайылтууну болтурбоо максатында тийиштүү эл аралыкфорумдарда макулдашып иштешет жана кадимки куралданууну өткөрүп берүүтармагында көбүрөөк транспаренттүүлүккө жана тешперүүгө көмөккөрсетүшөт. 5-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар региондук жана БУУнунУставында жана конвенцияларында каралган механизмдерди колдонуп,укуктук мамлекет, демократия, саясий плюрализм, ошондой эле адамукуктарын коргоо принциптерин бекемдөөгө ар тараптуу жардам беришет.Ушул максаттарда Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар ХельсинкидегиКорутунду Актынын, жањы Европа үчүн Париж Хартиясынын жана ЕККУнунбашка документтеринин жоболорун толук урматтоонун негизиндедемократияны, коопсуздукту жана укуктук мамлекет. 6-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар эки мамлекеттин жана эл аралыкшериктештиктин кызыкчылыктарын көздөп, экономика, өнөр жай, айылчарбасы, илим, техника жана экология тармагында кызматташууну мынданары өнүктүрүү максатында иштешет. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар Кыргызстандагы экономикалыкреформаларды ишке ашыруу үчүн, ошондой эле кызматташуунун бар болгонмүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде региондук кызматташууну ар тараптууөнүктүрүү үчүн мындай кызматташуу негизги мааниге ээ экендигин моюнгаалышат. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өздөрү мүчөлөрү болгон көптараптуу экономикалык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүшөт. 7-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар кош тараптуу кызматташуунунбардык чөйрөлөрүн шайкеш келтирүү жана демилгелөө, мындайкызматташуунун жүрүшүндө келип чыгуучу олуттуу маселелерди чечүү үчүнэкономикалык жана жалпы маселелер боюнча Жумушчу Тобун жанаэкономикалык жана өнөр жайлык кызматташуу жана алмашуу боюнча ЖумушчуТобун түзүшөт. Кыргыз жана италия тарабынан Жогорку Макулдашып жатканТараптардын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү башкарганэкономикалык жана жалпы маселелер боюнча Жумушчу тобу анда талкууланыпжаткан маселелерде компетенттүү болгон Жогорку Макулдашып жатканТараптардын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турат. Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташуу жана алмашуу боюнчаЖумушчу тобун кыргыз тарабынан- Тышкы соода жана өнөр жайминистрлигинин өкүлдөрү жана италия тарабынан- Тышкы соодаминистрлигинин өкүлдөрү жетектейт жана ишканалардын жана менчиктин аркайсы түрлөрүндөгү өнөр жай ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн турат. 8-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар экономика ишмердүүлүгүндөколдонулуучу экономика жана укук чөйрөсүндөгү, ошондой эле айылчарбасы, саламаттыкты сактоо, маданият, илим, изилдөөлөр жанатехнологиялар тармагында кызматташуунун түрлөрүн өнүктүрүшөт. Аларкесиптик даярдоо тармагында кызматташышат, кичи жана орто ишканаларгакөњүл бөлүп, ишкердүүлүк жана кредиттик иш-аракеттерди уюштуруу жанабашкаруу боюнча консультацияларда катышышат. 9-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар энергетика, транспорт жанателекоммуникацмя тармагында кызматташууга артыкчылык маани беришет.Алар гидроэнергетикага, инфраструктураларды жана тийиштүү байланышкаражаттарын азыркы мезгилдин талаптарына ылайыкташтырууга өзгөчөкөњүл бөлүп, жогоруда аталган тармактардагы техникалык аспектилердичечүүдө бири-бирине жардам беришет. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар экономикалык кызматташуунуөнүктүрүү жана ири инвесторлорду тартуу үчүн электр энергиясын,нефтини, жаратылыш газын алып келүүнүн коопсуздугунун жанатуруктуулугунун маанилүү зкендигин моюнга алып, Европалык ЭнергетикаХартиясынын Келишиминин нормалары менен принциптерин эске алып,углеводороддорду, газды жана электр энергиясын изилдөө, колдонуу жанаташуу маселелерине өзгөчө көњүл бөлүшөт. 10-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар илим жана алдыњкытехнологиялар тармагында кызматташууга, анын ичинде техникалык, илимийжана технологиялык кызматташуунун Европалык программаларынын алкагындаэки өлкөнүн тийиштүү органдарынын кызматташуусун, өзгөчө МурдагыСоюздун Жањы Көз каранды эмес Мамлекеттеринин (ИНТАС) окумуштууларынынортосундагы кызматташууга жардам берүү боюнча Эл аралык ассоциациянынишин жакшыртуу аркъшуу көмөк көрсөтүшөт. Италия, мүмкүн болушунча, булпрограммаларда Кыргызстандын катышуусун колдойт. 11-статья Айлана-чөйрөнү коргоонун олуттуу маселелеринин глобалдуу мүнөзүнмоюнга алып, Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар тоо системаларын, аныничинде Эл аралык тоо жылынын алкагында жана Жер Ортолук дењиздиэкологиялык коргоого өзгөчө көњүл бөлүп, ушул тармакта кызматташуунуөнүктүрүшөт. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар аба ырайын билдирүү жанажаратылыш же адамдын колунан жасалган кырсыктарды болтурбоотармагында, ошнондой эле алардын натыйжаларын жењилдетүү же жоюучөйрөсүндө кызматташууну күчөтүшөт. 12-статъя Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар европалык өлкөлөрдүнортосундагы кызматташуунун өнүгүШү башка континенттердин өлкөлөрүменен тилектештик мамилелеринин бекемделиши менен коштолоорунаишенишет. 13-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар өз аймактарынын ичинде билимберүү жана экинчи Өлкөнүн адабиятын, илимин, искусствосун, маданиятынжана үрп-адаттарын жайылтуу аркылуу, ошондой эле жаштар менен алмашуубоюнча программаларды ишке ашыруу жолу менен эки Өлкөнүн ортосундагымаданий алмашууларга жардам берүүнү макулдашышты. Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар биргелешкен изилдөөлөрдү,эксперттер, техникалык миссиялар жана илимий документациялар мененалмашууларды, семинарларды жана илимий кењешмелерди өткөрүү, ошондойэле билим берүүчү курстарды уюштуруу жолу менен илимий жана техникалыккызматташууну өнүктүрүү жана илимий тармактар боюнча тажрыйбажогорулатуу, маданий мурасты коргоо, сактоо жана калыбына келтирүүүчүн чараларды өткөрүү боюнча өз ара кызыгууларын таанышат. Жогоруда аталган тармактарда кош тараптуу кызматташуунужењилдетүү үчүн Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жакын арадамаданий, илимий жана техникалык кызматташуу боюнча рамкалыкмакулдашууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карашат. 14-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар илимий-техникалык кызматташуутармагыкда биргелешкен иш-аракетти өнүктүрүүгө бири-биринин кызыгуусунтаанышат жана ушул максаттарда алар өнүктүрүү жана билим берүү,эксперттер жана техникалык миссиялар, маалыматтар, документтер жанааларды жайылтуунун тийиштүү каражаттары менен алмашуу боюнчапрограммаларды, биргелешкен изилдөөлөрдү ишке ашырууга көмөккөрсөтүшөт. 15-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар укуктук маселелер боюнча жанаконсулдук мамилелер тармагында, ошондой эле мезгилдикконсультацияларды өткөрүү жолу менен кызматташууну өнүктүрүшөт. Апарөз ара негизде, мүмкүн болушунча, расмий, ишкер, маданий, туристтикжана өз алдынча баруулар үчүн экинчи Тараптын граждандарына кирүүвизаларын беруүгө ниеттенишет. 16-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар уюштурулган кылмыштуулуктун,бањгилик заттарды мыйзамсыз айлантуунун жана бардык түрдөгүконтрабанданын алдын алууда жана алар менен күрөшүүдө кызматташышат.Жогорку Макулдашып жаткан Тараптар жогоруда аталган тармактарда атайынмакулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгышат. 17-статья Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын ушул Келишимдин чегиндекабыл алган келишкендиктери Европалык Союздун жана анынинституттарынын алкагында ар бир Тараптын өзүнө алган милдеттенмелеринэске алат. Ушул Келишимдин жоболору Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардынмурда түзгөн кош тараптуу жана көп тараптуу келишимдеринен жанамакулдашууларынан келип чыгуучу милдеттерди эч качан козгобойт. Ушул Келишим кандайдыр-бир үчүнчү өлкөгө зыян келтирүүгөниеттелбейт. 18-статья Ушул Келишим ар бир Жогорку Макулдашып жаткан Тараптынконституциялык процедураларына ылайык ратификацияланат жанаратификациялоо грамоталары менен алмашкан мөөнөттөн тартып күчүнөкирет. Ушул Келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 102-статьясынаылайык БУУнун Генералдык Катчьшыгында катталууга тийиш. 19-статья Ушул Келишим он беш жылдык мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Жогорку Макулдашып жаткан Тараптардын бири дагы тийиштүүмөөнөт бүткөнгө чейин бир жьшдан кеч эмес Келишимди денонсирлөөтууралуу өзүнүн чечими жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүжолу менен кабарлабаса, анын аракети өзүнөн-өзү кийинки беш жьшдыкмөөнөттөргө узартылат. Рим шаарында 1999-жылдын 3-мартында эки нускада, ар бири кыргызжана италия тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тењ бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасы Италия Республикасы үчүн үчүн ПРОТОКОЛ 2004-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында Кыргьв РеспубликасынынТышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республпкасынын Тышкы иштер министриАскар Чынгызович Айтматов мьгрза менен Италия Республикасынын КыргызРеспубликасындагы Элчпси Дмего Лоренцо Лонго мырза Рим шаарында 1999-жылдын 3-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ИталияРеспубликасынын ортосунда достук жана кьоматгаштык жөнүндө КелишммдиРатификациялоо жөнүндө грамоталар менен -алардын толук тартипте жанатийиштүү формада түзүлгондүгүн аныкташып- алмашууну жүргүзүштү. 18-статьяга ьшайык Келишим Ратификациялоо жөнүндө грамоталарменен алмашкан күнү, башкача айтканда 2004-жылдын 8-июнунда күчүнөкирет. Муну күболондүрүш үчүн ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз,мталия жана орус тилдеринде түзүлдү, аларга Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министри жана Италия Республикасынын КыргызРеспубликасындагы Элчиси кол коюшту. Кыргыз Республикасы үчүн Италия Республикасы үчүн Кыргыз Республикасынын Италия РеспубликасынынТышкы иштер министри Кыргыз РеспубликасындагыАскар Чынгызович Айтматов Элчиси Диего Лоренцо Лонго ПРОТОКОЛ В день 8 июня 2004 г., в г. Бишкек. в Министерстве ИностранныхДел Кыргызской Республики, г-н Айтматов Аскар Чингизович, МинистрИностранных Дел Кыргызской Республики, и г-н Диего Лоренцо Лонго,Посол Итальянской Республики в Кыргызской Республике, произвели обменГрамотами о ратификации - установив, что они составлены в полномпорядке и должной форме - Договора о дружбе и сотрудничестве междуКыргызской Республикой и Итальянской Республикой, подписанного в Риме3 марта 1999 года. В соответствии со статьей 18. Договор вступил в силу в деньобмена Грамотами о ратификации, то есть 8 июня 2004 года. В удостоверении чего составлен настоящий Протокол в двухоригиналах. каждый на кыргызском, итальянском и русском языках,подписанных Министром Иностранных Дел Кыргызской Республики и ПосломИтальянской Республики в Кыргызской Республике. За Кыргызскую Республику За Итальянскую Республику Айтматов Аскар Чингизович Диего Лоренцо ЛонгоМинистр Иностранных Дел Посол Итальянской РеспубликиКыргызской Республики в Кыргызской Республике