Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 16-сентябрындагы № 425 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 21-июну УӨ № 53-рп
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Абдыкалыков Акынбек Абдыкалыкович - Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлардын ректорлор кеңешинин төрагасы, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору;
Иманалиева Элмира Сансызбаевна - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
Ким Алла Николаевна - Бишкек шаарынын № 47 окуу-тарбия берүү комплексинин директору;
Лисниченко Валентина Михайловна - Бишкек шаарынын № 9 окуу-тарбия берүү комплексинин директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Мамытов Абакир Мамытович - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти;
Мастиленко Павел Петрович - Кыргыз Республикасынын Орто кесиптик окуу жайлардын директорлор кеңешинин төрагасы, Бишкек архитектура жана курулуштагы менеджмент колледжинин директору;
Мусина Дария Сапарбековна - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республикалык "Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борборунун директору;
Нифадьев Владимир Иванович - Кыргыз-Россия (Славян) университетинин ректору;
Токтогулов Асылбек Токтогулович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
|
Р.Отунбаева |