Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 141 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Тегеран шаарында 2003-жылдын 24-июнунда кол коюлган өнүгүүгө берилген жардамды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралу 1-статья. Тегеран шаарында 2003-жылдын 24-июнунда кол коюлган өнүгүүгө бе-рилген жардамды пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мененИран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөМеморандум ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Мемо-рандум күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорКыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Иран тарапка бил-дирсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев 2005-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган