Редакцияот 17.06.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
             Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам           Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өнүктүрүүгө        жардамдарды пайдалануу боюнча өз ара тушүнүшүү жөнүндө                              Меморандум                                      Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жанаИран Ислам Республикасынын Өкмөтү,      Күн  календарынын 1381-жылынын 17-эсфандасына туура  келүүчү  2003-жылдын  8-мартында  кол  коюлган, Иран  Ислам  Республикасынын  КыргызРеспубликасын  өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүсүнө макулдук берүү  жөнүндөМеморандумду көњүлгө алышып,      жогоруда аталган Меморандумду ишке ашыруу максатында,      төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:                                  1-статья                                      Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жөндөмдүү балдар үчүн мектепкуруу  боюнча  долбоорго  жана  экономикалык  өнүктүрүү  боюнча  башкадолбоорлорго  маани берип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  долбоорлордубиринчи кезектеги катары жарыялады, аны Иран тарап жактырды.                                  2-статья                                      Тараптар  долбоорлорго  кеткен чыгымдарды Иран  Ислам  Республикасытарабынан  Кыргыз  Республикасына берилген гранттын  эсебинен  жабуунучечишти.                                  3-статья                                      Иран   Ислам   Республикасынын   Тышкы   иштер   министрлиги   ушулМеморандумга  кол коюлгандан кийин грантты (бир миллион  АКШ  доллары)Кыргыз Республикасындагы биргелешкен эсепке депонирлейт.      Төмөнкү статьялар биргелешкен эсептен каражат алууну карайт.                                  4-статья                                      Кыргыз  Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигикызыкдар  болгон  ирандык  компанияларды  маалымдоо  үчүн  Иран  ИсламРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги менен кызматташуу аркылуу жанаанын  макулдугу  менен  аталган долбоорлорго  тендердик  документтердиберет.                                  5-статья                                      Ирандык  компаниялар тендерлерге документтерди  белгилүү  убакыттыничинде толтурушат.                                  6-статья                                      Кыргыз  Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигиирандык компаниялар тарабынан толтурулган тендердик документтерди ИранИслам  Республикасынын өкүлүнүн катышуусунда карайт жана  андан  кийинжењүүчүлөр жарыяланат.                                  7-статья                                      Көрсөтүлгөн  ирандык  компаниялар Кыргыз  Республикасынын  Экологияжана  өзгөчө  кырдаалдар  министрлиги менен долбоорлорду  ишке  ашыруужөнүндө макулдашууга кол коюшат.                                  8-статья                                      Ирандык компаниялардын иш-аракеттеринин мониторингин жүргүзүү мененКыргыз  Республикасынын  Экология жана өзгөчө  кырдаалдар  министрлигиирандык   компаниялардын   кызматкерлерин  жана   жабдууларын   КыргызРеспубликасына  алып  келүүгө, же андан алып чыгууга,  кызматкерлердинтурушуна  жана чыгып кетишине зарыл болгон уруксаттарды  алууда  көмөккөрсөтөт.                                  9-статья                                      Ирандык  компаниялар  тарабынан Иран Ислам  Республикасынан  КыргызРеспубликасына ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында убактылуу алыпкелинген   бардык   жабдуулар  жана  куралдар  Кыргыз  Республикасынынl