КР 2008-жылдын 25-июлундагы №166
Мыйзамынын редакциясы менен ратификацияланган Бишкек ш.2002-жылдын 4-апрели Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Армения Республикасынын Өкмөтү, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында кабыл алынганэл аралык укуктук актыларды жетекчиликке алып, аскердик-техникалык кызматташууну өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттар-ды камсыз кылууга умтулуп, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты: 1-статья. Мына ушул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча атайын укуктөмөндөгүлөргө ыйгарылат: Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине,Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине; Армян Тараптан - Армения Республикасынын Коргоо министрлигине, Со-ода жана экономикалык өнүгүү министрлигине. 2-статья. Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу аскердик-техникалык кызмат-ташууну төмөндөгү жолдор менен жүзөгө ашыруу үчүн чара көрөт: макулдашылган аскердик-техникалык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгөашыруу; курал жабдуу, аскердик жана атайын техника, мүлк, продукция, экс-плуатациялык-техникалык документация, комплектөөчү элементтер, запастыктетиктер жана шаймандар, бөлөк материалдык каражаттар чыгаруу, жанаберүү жана заказдардын жана берүүлөрдүн макулдашылган планы боюнча ишкеашырылчуу аскердик техниканы ремонттоо, жараксыз деп табуу жана жок кы-луу, гарантиялуу көзөмөлдөө, рекламациялар, ийине жеткире иштөө,илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер жана башка камсыз кылуутүрлөрү боюнча мурда калыптанган байланыштарды өнүктүрүп, жањыларынтүзүү; жењилдетилген материалдык-техникалык камсыздоо; аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү; жењилдетилген салык салуу; жењилдетилген кредит берүү; келечектүү иштерге ассигнование (10-15 жылга) бөлүү; подрядчик-уюмдарды кызыктыруу механизмдерин өркүндөтүү; өнөр жайына курал жабдуу чыгаруу боюнча заказды жайгаштырууда кон-курстарды өткөрүү; курал жабдуу жана аскер техникасы боюнча биргелешкен программалар-ды иштеп чыгуу; мына ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын мамлекеттеринин ку-ралдуу күчтөрүнүн инфрастуктураларынын элементтерин биргелешип пайдала-нуу үчүн шарт түзүү; жогорку квалификациялуу аскердик-техникалык кадрларды жана адис-терди даярдоо. Тараптардын ыйгарым укуктуу чарба субъектилери аракеттеги улуттукмыйзамдарга жана Тараптардын мамлекеттеринин эч аралык милдеттенмелери-не ылайык аскердик-техникалык кызматташуунун көрсөтүлгөн багыттары бо-юнча тышкы соода контракттарын түзүшөт. 3-статья. Биргелешкен иштеп чыгуулар жана өндүрүш, ошондой эле курал жабдуу,ок-дары, аскер техниканы берүү, аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү мам-лекеттик башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда түзүлгөнмакулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат. Кооперация боюнча поставка жасалган запастык тетиктерди, комп-лектөөчү буюмдарды, курал жабдуу жана аскердик техниканы өндүрүү үчүнкеректүү сырье менен материалдарды, оорук продукциясын жана техниканы,ошондой эле машыгуучу жана көмөкчү мүлктү өз ара поставка жасоо Тарап-тардын чарба субъектилери тарабынан түзүлгөн котракттардын негизиндежүзөгө ашырылат. Аскердик багыттагы продукция жана кызмат көрсөтүү боюнча өз араберүүлөрүнүн номенклатурасы менен көлөмү, бул берүүлөрдүн шарттары жанаэсептешүү формалары Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан ма-кулдашылып, мына ушул Макулдашуунун негизинде түзүлгөн келишим доку-менттери менен аныкталат. 4-статья. Мына ушул Макулдашуунун милдети болгон курал жабдуу, аскердик тех-ника жана башка материалдык каражаттарды берүү Тараптардын ыйгарымукуктуу органдарынын өз ара макулдашылган өз ара берүү тизмеси боюнчабажы акысыз жана жыйымысыз жүзөгө ашырылат, квоталанбайт жана лицензия-ланбайт. 5-статья. Тараптар берилген иштеп чыгуулардын жана өндүрүштүн жыйынтыктарын,аскердик продукцияны жана алар боюнча маалыматтарды берген Тараптын ал-дын ала кат жүзүндө берилген макулдугу жок үчүнчү Тарапка, анын ичиндежеке адамдарга же юридикалык тарапка, же эл аралык уюмдарга сатпайт жа-на бербейт. 6-статья. Тараптар аскердик багыттагы продукция берүү тармагында аракеттегиулуттук мыйзамга ылайык үчүнчү өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга аскер-дик багыттагы продукция берүү менен кызмат көрсөтүүнү берүү тармагындааскердик багыттагы өз ара маркетинг кызматын көрсөтүү жолу менен коор-динацияны жана өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылат. 7-статья. Мына ушул Макулдашууну ишке ашыруу жана аскердик-техникалык кыз-матташууну координациялоо максатында Тараптар өкмөттөр аралык аскер-дик-техникалык комиссияны түзөт. 8-статья. Мына ушул Макулдашууну жана аскердик-техникалык кызматташуу тарма-гында бөлөк кийинки макулдашууларды аткарууда Тараптар ортосунда келипчыкчу бардык талаш маселелер өз ара сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынат. Мына ушул Макулдашууга өз ара макулдашылып, өзгөртүүлөр жана ко-шумчалар киргизилиши мүмкүн, алар мунун ажырагыс бөлүгү болуп саналганөз алдынча протокол катары түзүлөт. Протоколдор мына ушул Макулдашуунун9-статьяда алдын ала каралган тартипте күчүнө киришет. 9-статья. Мына ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттикички процедураларды Тараптар аткаргандыгы тууралуу акыркы кат жүзүндөгүбилдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Мына ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Эгерде Тараптар-дын бири тиешелүү мөөнөт бүтөөрүндөн алты ай мурда экинчи Тарапты мынаушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу кат жүзүндө билдирбесеМакулдашуунун аракети өзүнөн өзү улам бир жылдык мөөнөткө узартыла бе-рет. 4-апрелде 2002-жылы Бишкек шаарында кол коюлду, эки нускада, арбири кыргыз, армян жана орус тилдеринде, болгондо да ар бири бирдейкүчкө ээ. Мына ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлеркелип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат. Кыргыз Республикасынын Армян Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн