КР 2004-жылдын 19-мартындагы № 27
Мыйзамындагы чегинүү менен ратификацияланган Астана ш.2001-жылдын 15-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ме-нен Казакстан Республикасынын Өкмөтү, ак ниет коњшулаштык мамилелерди өнүктүрүү жана Кыргызстан-Казакс-тан мамлекеттик чек ара (мындан ары - мамлекеттик чек ара) тартибинкамсыз кылуу боюнча кызматташууну колдоого умтулуп, көз карандысыз мамлекеттердин өзүнүн мамлекеттик чек арасын коргообоюнча чара кабыл алууга ажырагыс укугун таанып, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек араөкүлдөрү чек арада инцидент пайда болушунун алдын алууга, ал эми пайдаболгондо ыкчам тез арада териштирип жана жөнгө салууну камсыз кылуугакатышуусунун зарылчылыгын белгилеп, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек араөкүлдөрүн жана чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларын Тараптардын компе-тенттүү органдары дайындайт. Чек ара өкүлдөрү жана чек ара өкүлдөрүнүнорун басарларын дайындагандыгы жөнүндө Тараптар алардын аты-жөнүн, кыз-матын, иш-аракетинин тармактарын жана жөнөтүлгөн жерин көрсөтүү менендипломатиялык каналдар аркылуу бири бирине маалымдайт. Чек ара өкүлдөрүнүн орун басарлары чек ара өкүлдөрүнүн милдетинаткарууда чек ара өкүлдөрү сыяктуу эле укукка жана милдетке ээ болот. 2-статья. Чек ара өкүлдөрү бири бири менен кызматташып, Тараптардын мамле-кеттери катышкан эл аралык келишимдерге жана өз мамлекеттеринин улуттукмыйзамдарына, ушул Макулдашуу аныктаган атайын укуктарга ылайык чек араөкүлдөрүнүн иш-аракетинин участкалары тууралуу протокол тарабынан анык-талган мамлекеттик чек ара участокторунун чегинде өз милдеттерин атка-рат. Жазуу жүзүндө атайын укук (үлгүсү - 1-тиркеме) төмөндөгүлөргө ый-гарылат: - Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орун ба-сарларына - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин чек ара маселеле-рин тейлеген орун басары, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздуккызматынын төрагасы тарабынан; - Казакстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орунбасарларына - Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздук комитетининтөрагасынын орун басары - чек ара кызматынын директору тарабынан. 3-статья. Чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракетин камсыз кылуу үчүн жардамчылар,катчылар, кызмат корреспонденциясын кабыл алуу-өткөрүү боюнча атайынукуктуу адамдар, дайындалат, ошондой эле эксперттер жана башка адамдарчегерилет. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жазуу жүзүндөгү атайын укукта-ры, катчылардын күбөлүктөрү, чек аранын эки тарабына бир ирет өтүүкүбөлүгү (үлгүсү - 2-4-тиркеме) чек ара өкүлдөрү тарабынан берилет. 4-статья. Чек ара өкүлдөрү өз иш-аракетинин участокторунун чегинде: чек ара инциденттеринин алдын алуу жана ал пайда болсо жөнгө салуубоюнча зарыл чараларды көрөт; Тараптар белгилеген мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелеринин сак-талышын көзөмөлдөйт жана белгиленген тартипти бузуп, чек арадан өтүүнүналдын алуу боюнча чараларды көрөт; тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте курал, ок-дары, бангикаражаттарын, психотроптук заттарды, баалуу буюмдарды жана валютаны,ошондой эле радиоактивдүү заттарды контрабандага каршы күрөштө зарылболгон чараларды көрөт; адамдардын өлүктөрүн таанууга катышат, зарыл болгон учурда алардыөткөрүп берүү боюнча чараларды көрөт; мамлекеттик башкаруу жана жаратылышты сактоо боюнча ыйгарым укук-туу органдар менен бирдикте чек ара аймагында чарбалык иштердинжүргүзүлүшүнө, ошондой эле чек арадагы суу сактагычтарда суунун пайда-ланылышына тиешелүү көзөмөлдү камсыз кылат; мамлекеттик чек арага жакын жерде же ал аркылуу өрт, эпидемия,эпизоотия жана айыл чарба зыянкечтери каптап келе жаткандыгы тууралуубири бирин өз учурунда маалымдайт; мамлекеттик чек ара тартибин камсыз кылууга байланыштуу бөлөк ма-селелерди чечет. 5-статья. 1. Чек ара өкүлдөрү адатта заседаниелерде жана жолугушууларда бир-гелешкен иш жүргүзөт. Чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда макулдашуунун неги-зинде алардын орун басарларынын жана жардамчыларынын жолугушууларыөткөрүлүшү мүмкүн. 2. Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниелери же жолугушуулары алардын би-ринин сунушу боюнча өткөрүлөт. Сунушта заседаниенин же жолугушуунун күнтартиби, катышуучулардын курамы, заседание же жолугушуу өткөрүүнүн ордужана убактысы камтылууга тийиш. Айрым учурларда чек ара өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча за-седаниелеринде же жолугушууларында мурда талкууга сунушталбаган маселе-лер каралышы мүмкүн. Заседание же жолугушуу өткөрүү тууралуу сунушка жоопту чек араөкүлү кыска мөөнөттө, кызмат корреспонденциясын кабыл алуу-өткөрүү бо-юнча ыйгарым укуктуу адамдан алгандан кийин 48 сааттан кечиктирбейберүүгө тийиш. Ошол эле учурда талкууга кошумча маселелер, заседаниениже жолугушууну өткөрүүнүн бөлөк убактысы жана орду сунушталышы мүмкүн. 3. Тараптардын биринин чек ара өкүлү сунуш кылган заседаниеге жежолугушууга экинчи Тараптын мамлекетинин чек ара өкүлү өзү катышуугатийиш. Эгерде ага мүмкүнчүлүк жок болсо, заседаниени же жолугушуунуөткөрүүнү сунуш кылган Тараптын чек ара өкүлү заседание же жолугушуубашталаарга 24 саат калганга чейин маалымдалып, заседание же жолугушуу-га анын орун басары келет. 4. Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниесине же жолугушуусуна орун басар-лар, жардамчылар, катчылар жана катышуусу зарыл болгон адамдар (экс-перттер, күбөлөр, жапа чеккендер жана башкалар) катыша алат. Чек ара өкүлдөрүнүн орун басарларынын жолугушууларында катчылар,зарылчылыгы болгондо эксперттер жана башка адамдар катыша алат. 5. Жекече жолугушууну талап кылбаган маселелер кат аркылуу же бай-ланыштын техникалык каражаттарын пайдалануу жолу менен чечилиши мүмкүн. 6. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашуунун негизинде заседаниеде жежолугушууда кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча кандай чара көрүлүпжаткандыгы тууралуу бири бирине маалымдап турат. 6-статья. Чек ара өкүлдөрүнүн жана алардын орун басарларынын пландаштырылганзаседаниелери же жолугушуулары адатта, Тараптардын мамлекеттеринин тер-риториясында кезектешип, пландаштырылбагандары - өткөрүүнү сунуш кылганТараптын территориясында өткөрүлөт. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары биргелешкен ишти чек араөкүлдөрүнүн тапшырмасы боюнча, адатта, жолугушууларда жүргүзөт. Чек араөкүлдөрүнүн жардамчылары кабыл алган чечимдер тиешелүү Тараптардын мам-лекеттеринин чек ара өкүлдөрү тарабынан бекитилген соњ күчүнө кирет.Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары макулдашууга жетише албаган маселелертиешелүү чек ара өкүлдөрүнүн кароосуна берилет. 7-статья. Чек ара өкүлдөрүнүн заседаниелеринин, жолугушууларынын жыйынтыгыбоюнча биргелешкен протокол түзүлүп, анда: заседаниенин же жолугушуунункүн тартиби, катышуучулардын курамы, заседаниенин же жолугушуунун жалпыжүрүшү, кабыл алынган чечимдер жана аларды аткаруунун мөөнөтүкөрсөтүлөт. Заседаниенин же жолугушуунун протоколу эки нускада, ар бири орустилинде түзүлөт, чек ара өкүлдөрүнүн же анын милдетин аткарган адамдынколу коюлуп, герби бар мөөр менен ырасталат. 8-статья. 1. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашып, мамлекеттик чек арада жолу-гушуу пункттарын, ошондой эле кызматчы корреспонденцияларды алмашуунун,байланыштын техникалык каражаттарын пайдалануунун пункттарын жана тар-тибин белгилешет. Кызматчы корреспонденцияны кабыл алуу-өткөрүү боюнчаыйгарым укуктуу адамдар мамлекеттик чек арада кызматчы корреспонденция-ны күнү-түнү кабыл алып жана өткөрүп турууга милдеттүү. 2. Чек ара өкүлдөрү кармалган адамдарды, ошондой эле үй жаныбарла-рын, мүлктү, адамдардын алүктөрүн ар бир Тараптын мамлекеттик улуттукмыйзамдарына ылайык өткөрүп берет. Мындай ар бир өткөрүп берүүнүн убак-тысын жана тартибин чек ара өкүлдөрү өзүнчө аныктайт. 3. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашып адамдарды, жаныбарларды,мүлктү, адам өлүктөрүн, кызматчы корреспонденцияларды кабылалуу-өткөрүп берүүдө, ошондой эле ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайыкбөлөк аракеттерди жүзөгө ашырганда толтурулчу актылардын, тил каттардынжана башка документтердин үлгүлөрүн белгилешет. Адамдарды, жаныбарларды, мүлктү, адам өлүктөрүн өткөрүп берүү чекара өкүлдөрү, алардын орун басарлары жана жардамчылары тарабынан жүзөгөашырылат. 9-статья. 1. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары, жардамчылары, катчы-лары, эксперттер ушул Макулдашууга ылайык өз милдеттерин аткаруу үчүнмамлекеттик чек арадан аны үчүн атайын белгиленген пунктта же макулда-шылган жерде өтөт. 2. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары жана жардамчылары мам-лекеттик чек арадан жазуу жүзүндөгү атайын укуктун негизинде (үлгүсү -1, 2-тиркеме) өтөт. 3. Катчылар мамлекеттик чек арадан күбөлүктүн негизинде (үлгүсү -3-тиркеме) өтөт. 4. Эксперттер, биргелешип иштөөгө чегерилген бөлөк адамдар мамле-кеттик чек арадан эки тарапка бир ирет өтүү үчүн берилүүчү күбөлүктүннегизинде (үлгүсү - 4-тиркеме) өтөт. 5. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын атайын укуктарына, катчы-лардын жана тейлөөчү кызматкерлердин күбөлүктөрүнө кол коюу заседание-лерде чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат. 6. Эгерде чек арадан өтүүгө укук берген документ жоголсо, ушул Ма-кулдашуунун жоболоруна ылайык, анын ээси дароо ал тууралуу өз мамлеке-тинин чек ара өкүлүнө билдирүүгө тийиш, чек ара өкүлү ал окуя тууралуукоњшу мамлекеттин чек ара өкүлүнө кабарлайт. 10-статья. 1. Ушул Макулдашууга ылайык чек ара өкүлдөрү, алардын орун басар-лары, жардамчылары, катчылары, эксперттер өз милдеттерин аткаруудаэкинчи Тараптын мамлекетинин территориясында керт башына кол тийбести-ги, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн керектүү бу-юмдарга жана жанындагы документтерге кол тийбестиги гарантияланат. Жогоруда аталган кызмат адамдары белгиленген формада кийим кийиши,Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган ченемдергеылайык жеке пайдалануудагы товарларды (кийин сатууга уруксат жок) экин-чи Тараптын мамлекетинин территориясына бажы акысын,салык жана башкажыйым төлөбөстөн кошо алып өтүшү мүмкүн. 2. Тараптар ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу өз территория-сындагы чыгымдарды өздөрү көтөрөт, болгондо да заседаниелер же жолугу-шуулар кайсы территорияда өткөрүлсө, чыгымды ошол Тарап көтөрөт. 11-статья. Чек ара өкүлдөрү төмөндөгү маалыматтар менен алмашат: мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн фактылар тууралуу; мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды мыйзамсыз алып өтүү, курал,ок-дары, бањги каражаттарын, психотроптук заттарды, баалуу буюмдарды,валютаны, ошондой эле радиоактивдүү заттарды контрабанда жасаган адам-дардын иш-аракети тууралуу; Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин коопсуздугуна жана кызыкчы-лыгына зыян тийгизиши мүмкүн болгон аракеттер, ошондой эле чек арадаинциденттердин алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу; мамлекеттик чек ара тартибин камсыз кылууга таасир тийгизүүчүбөлөк маселелер боюнча. 12-статья. Чек ара өкүлдөрү чек ара инциденттеринин алдын алуу боюнча кызмат-ташууну жүзөгө ашырат, чек ара инциденттерин териштирет жана чечет,анын ичинде: мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана территорияны аткылоо,анын ичинде адамдардын өлүмүнө же жарадар болушуна, мүлктүн талкаланы-шына жана башка оор запкыга алып келгендерди; мамлекеттик чек араны адамдар, транспорт каражаттарынын мыйзамсызөтүшүн; мамлекеттик чек араны сууда сүзүү каражаттары жана учуу аппаратта-рынын бузушу; мамлекеттик чек ара аркылуу контрабанданын өтүшүн; кызмат милдетин аткарууда Тараптардын мамлекеттеринин чек ара кыз-матынын жооптуу кызматкерлеринин мамлекеттик чек арадан байкабастанөтүп кетишин; табигат кырсыгынан же башка жагдайлардан улам бир мамлекеттинмүлкүн экинчи Тараптын территориясынан таап алууну; өз бет алдынча же байкоосуздан өтүп кетүү, чек ара белгилерин жанабашка чек ара курулуштарын бузуп же талкалап алууну; мамлекеттик чек ара аркылуу үй жаныбарларынын өтүп кетишин; мамлекеттик чек ара аркылуу өрт капташын; Тараптардын мамлекеттеринин кызыкчылыгына тиешелүү, бирок диплома-тиялык каналдар аркылуу чечүүнү талап кылбаган мамлекеттик чек ара тар-тибин бузуулардын башка түрлөрүн. 13-статья. 1. Ушул Макулдашуунун 12-статьясында көрсөтүлгөн чек ара инцидент-теринин жагдайын териштирүү чек ара өкүлдөрү тарабынан макулдашылгантартипте жүргүзүлөт. Чек ара инциденттерин биргелешип териштерүү чекара инциденти кайсы территорияда болсо, ошол чек ара өкүлүнүн жетекчи-лиги алдында жүзөгө ашырылат. 2. Чек ара инцидентин биргелешип иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу акттүзүлөт, зарылчылык чыкса, заседаниенин протоколуна тиркеме катары тир-келген бөлөк документтер дагы түзүлөт. 3. Чек ара өкүлдөрү ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн тартуулаган ата-йын укуктун алкагында бөлөк Тараптын территориясына өтүп кеткен үй жа-ныбарларын, буюмдарды кайтарып берүү маселелерин чечишет. 4. Чек ара инцидентин биргелешип териштирүү укук коргоо органдары-нын компетенциясына кирген иш-аракеттер менен алмаштырылбайт. 5. Жөнгө салууда чек ара өкүлдөрү макулдаша албаган чек ара инци-денттери дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет. 14-статья. 1-4-тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп сана-лат. Тараптар көрсөтүлгөн тиркемелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчы-лыгы тууралуу ушул Макулдашуунун 17-статьясына ылайык бири бирин дипло-матиялык каналдар аркылуу маалымдайт. 15-статья. Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык бөлөккелишимдерден улам келип чыккан укуктарына жана милдеттерине тиешесижок. 16-статья. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүүталаш жана түрдүү пикирлер Тараптар ортосунда консультациялар жанасүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 17-статья. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча, ушул Макул-дашуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган өзүнчө протокол катарытүзүлүп, өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилиши мүмкүн. 18-статья. Ушул Макулдашуу күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкипроцедураларды Тараптар аткаргандыгы тууралуу кат жүзүндөгү акыркы бил-дирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бириэкинчи Тарапты мына ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу ние-тинин кат жүзүндөгү билдирүүсүн алган датадан кийин алты айга чейинкүчүн сактайт. 2001-жылы "__" ____________ Астана шаарында кол коюлду, эки түпнускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде, болгондо да барды-гы тењ бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө түрдүү пикирлер келип чык-са, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн 1-Тиркеме ЧЕК АРА ӨКҮЛДӨРҮНҮН ЖАНА АЛАРДЫН ОРУН БАСАРЛАРЫНЫН АТАЙЫН УКУКТАРЫ Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы 1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР 2-бет - 3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу 4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде. _______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, кызматы) Кыргызстан-Казакстан чек арасынын_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү)________________________ ______________________________________ боюнчачек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары) болуп дайындалды. Жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүнатайын укукка ээ, ошого байланыштуу Кыргызстан-Казакстан чек арасынанөтүүгө жана чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу_______________________________________________________________________ (мамлекеттин аталышы)_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (атайын укук ыйгарууга укугу бар аламдын кызматы)_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, колу) Мөөрдүн орду _______ "__" _________ жыл. 5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде 6-бет - 7-бет - 8-бет - 2-Тиркеме ЧЕК АРА ӨКҮЛҮНҮН ЖАРДАМЧЫСЫНЫН АТАЙЫН УКУКТАРЫ Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы 1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР 2-бет - 3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу 4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде. _______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, кызматы) Кыргызстан-Казакстан чек арасынын_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү)__________________________ ____________________________________ боюнчачек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары) болуп дайындалды. Жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүнатайын укукка ээ, ошого байланыштуу Кыргызстан-Казакстан чек арасынанөтүүгө жана ___________________________ (мамлекеттин аталышы)чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ _______________________________________________________________________ (мамлекеттин аталышы)_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, колу) Мөөрдүн орду _______ "__" _________ жыл. 5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде 6-бет - 7-бет - 8-бет - 3-Тиркеме КАТЧЫНЫН КҮБӨЛҮГҮ Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы 1-бет - АТАЙЫН УКУКТАР 2-бет - 3-бет - Фотосүрөт, мөөр, ээсинин колу 4-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде. _______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү) Кыргызстан-Казакстан чек арасынын_______________________________________________________________________ __________________________ ____________________________________ боюнча (участоктун аталышы)чек ара өкүлүнүн ___________________________________ болуп саналат жана (мамлекеттин аталышы) Кыргызстан-Казакстан чек арасынан өтүүгө жана _________________________ (мамлекеттин аталышы)чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ _______________________________________________________________________ (мамлекеттин аталышы)_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, колу) Мөөрдүн орду _______ "__" _________ жыл. 5-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде 6-бет - 7-бет - 8-бет - 4-Тиркеме ЧЕК АРАНЫН ЭКИ ТАРАБЫНА БИР ЖОЛУ ӨТҮҮГӨ КҮБӨЛҮК Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы 1-бет - Кыргызстан-Казакстан чек арасынан өтүүгө бир жолку КҮБӨЛҮК 2-бет - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республика-сыны Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иш-аракети тууралуу2001-жылдын "__" _____________ Макулдашуусунун негизинде. _______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, кызматы) Кыргызстан-Казакстан чек арасынын эки тарабына өтүүгө жана_________________________ чек ара тилкесинде жүрүүгө укуктуу. (мамлекеттин аталышы) Ким экендигин ырастаган документ көрсөткөндө жарактуу. 200_-жылдын "__" ____________ 200_-жылдын "__" ____________ чейин жарактуу. ЧЕК АРА ӨКҮЛҮ _______________________________________________________________________ (мамлекеттин аталышы)_______________________________________________________________________ (наамы, аты-жөнү, колу) Мөөрдүн орду _______ "__" _________ жыл. 3-бет - 4-беттин тексти _________ тилинде 4-бет -