Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 6-августу № 142 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2004-жылдын 24-июнунда кол коюлган Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өнүгүүгө жардам берүү жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралу 2005-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. 2004-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өнүгүүгө жардам берүү жөнүндө Меморандум ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсө-түлгөн Меморандум күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Иран тарапка билдирсин. Кыргыз Республикасынын Президентининмилдетин аткаруучу К.Бакиев